Президенттин өкүлү менен жолугушуудан кийин эненин 7 жылдан бери изделген уулу табылды

11-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 227

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылынын тургуну Чырмашхан Молдобаева көп жылдан бери издеп жүргөн уулунун дайыны табылганын угуп, көзүнө жаш алды.

Маалыматка ылайык, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаевдин Мырза-Аке айылынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда Чырмашхан Молдобаева уулун жети жылдан бери таппай жүргөнүн айтып, жардам сурап кайрылган.

Аталган кайрылуунун негизинде Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында изделип жаткан жаран учурда Чүй облусундагы Молдовановкадагы түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жатканы аныкталган.

Ошондой эле анын жаза мөөнөтү жакын арада аяктап, эркиндикке чыгары маалым болгон. Бул тууралуу маалымат апасына жеткирилип, көп жылдан бери уулунан кабар ала албай жүргөн эне кубанычын жашыра алган жок.

Ал жардам көрсөткөн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, алардын аракетинин аркасында уулунун тагдыры тууралуу кабар алганын белгиледи.

Бул окуя жарандардын көйгөйлөрүн жеринде угуп, ыкчам чара көрүүгө багытталган жолугушуулардын маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады.

11-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 227
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X