Президенттин талабы, жергиликтүү бийликтин милдети жана “Эркин-Тоонун” орду
Президент Садыр Жапаров акыркы айларда аймактарды кыдырып, эл менен жолугушууларды уюштурду. Мына ошондо бир чындык ачыкка чыккандай болду. Жарандардын Мамлекет башчысына жеткирген көйгөйлөрүнүн басымдуу бөлүгү борбордук бийликтин эмес, жергиликтүү жетекчилердин компетенциясындагы маселелер экени айтылды. Тагыраагы, ичүүчү суудан тартып, жолдор, ирригация, жер маселеси, көчөлөрдү жарыктандыруу, муниципалдык кызматтар, социалдык инфратүзүмдүн абалы сыяктуу маселелер көп учурда райондук мамлекеттик администрациялардын, мэриялардын жана айыл өкмөттөрүнүн деңгээлинде эле чечилиши керек болчу. Бирок, турмуш башка чындыкты көрсөтүп, жолугушууларда дал ошол майда аймактык бийлик чече турган маселелерди Президентке узатып жатышты. Ошондон улам, Мамлекет башчысы республикалык кеңешмеде мамлекеттик башкаруунун жаңы талабын так коюп, бардык жетекчилерге: “Элге шылтоо эмес, мыйзамдуу жана өз убагында кабыл алынган адилеттүү чечим керек”-деди.
Бул сөз мамлекеттик кызматкерлерге карата айтылган кезектеги эле сыны эмес, бүгүнкү мамлекеттик башкаруунун негизги принциби болуп калды окшойт. Эми “министрлик жооп берет”, “бул биздин милдет эмес”, “документ келе элек”, “жогору жактан көрсөтмө күтүп жатабыз” деген сыяктуу ары-бери түртүлгөн жооптор суу кечпей турган болду. Президент жоопкерчиликти бир мекемеден экинчисине өткөрүп, убакыт уткан эски иш ыкмасы бүтүшү керек экенин ачык билдирди. Чынында эле элибиз мамлекеттик кызматкерди кабинетте отурганы үчүн эмес, көйгөйдү чечкени үчүн баалайт эмеспи.
Президенттин мына ушул талабы сөз жүзүндө эле калбай, жеринде элдин көйгөйлөрүн көргөн соң жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен иш алып баруу натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Жарлык кабыл алып берди. Ал жарлыкта эл менен түз байланыштарды күчөтүү, көчмө кабыл алууларды уюштуруу, коомдук кабылдамаларды түзүү, санариптик кызматтарды өнүктүрүү, жарандардын кайрылууларын ыкчам кароо жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча конкреттүү милдеттер белгиленди. Мындан тышкары облустагы өкүлдөрдүн, акимдердин жана мэрлердин ыйгарым укуктары кеңейтилди. Демек, бүгүн жергиликтүү жетекчилердин мүмкүнчүлүгү да көбөйдү, жоопкерчилиги да күчөдү. Мындай шартта ар бир жетекчинин ишине мурдагыдан дагы жогорку талап коюлары мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Бул жагынан сөз жок. Президент жетекчилердин элге жакын болушун мыйзамдык негизде бекемдеп, аны так аткарууну талап кылды. Эми ушул маселеге кененирээк токтололу.
Мамлекеттик башкаруу мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт, туурабы? Президенттин Жарлыктары, мыйзамдар жана Министрлер Кабинетинин токтомдору мамлекеттик кызматкерлердин күнүмдүк ишмердүүлүгүнүн укуктук негизи болуп саналат. Демек, алар менен өз убагында таанышып, мазмунун терең түшүнүп, талаптарын так жана кынтыксыз аткаруу ар бир мамлекеттик кызматчынын түздөн-түз милдети. Ар бир жетекчинин мыйзамдарды жакшы билиши туура жана мыйзамдуу чечим кабыл алуусунун эң биринчи шарты. Ал эми мыйзамдар менен өз убагында таанышпаган жетекчиден мыйзамдуу, сапаттуу жана натыйжалуу башкарууну күтүүгө болобу? Албетте, жок.
Президент мамлекеттик башкарууга жаңы талаптарды коюп жаткан учурда, ошол талаптардын аймактардагы жетекчилер тарабынан канчалык деңгээлде иш жүзүндө колдонулуп жатканы өзгөчө мааниге ээ болууда. Ачык айтканда, мыйзамдарды так аткаруу мындай турсун, айрым учурларда жетекчилер өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардан аша чаап, мыйзам чегинен чыгып кеткен фактылар да көп кездешет. Мунун кесепети катары иштердин мыйзамсыз жана ирээтсиз жүргүзүлүшү орун алып, коррупция сыяктуу коомдун өнүгүүсүнө тоскоол болгон көрүнүштөр күчөп, элдин нааразычылыгын жаратып келет.
Ушул жерде мамлекеттик расмий басылма болгон “Эркин-Тоо” гезитинин ролу өзгөчө экенин дагы белгилеп кетүү зарыл. Анткени, Президенттин Жарлыктары, мыйзамдар, Министрлер Кабинетинин токтомдору, ошондой эле мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрү жана кайрылуулары дал ушул расмий басылма аркылуу жарыяланып, укуктук күчүнө ээ болот. Гезиттин ар бир санында жаңы кабыл алынган ченемдик-укуктук актылар жарыяланып турат. Башкача айтканда, ал мамлекеттик кызматкерлер үчүн мыйзамдардагы өзгөрүүлөрдү өз убагында жеткирген ишенимдүү расмий маалымат булагы болуп саналат жана алардын кызматтык ишмердүүлүгүн мыйзамдын негизинде уюштурууга өбөлгө түзөт.
Ушундан улам, мыйзам ченемдүү суроо жаралат: “мамлекеттик органдардын жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрү күчүнө кирген жаңы мыйзамдарды өз убагында окуп, алардын талаптары менен толук таанышып, өз иштерин ошол мыйзамдардын негизинде жүргүзүп жатышабы?”-деген. Мына ушул маселе бүгүнкү күндө өзгөчө көңүл бурууга тийиш болгон негизги суроолордун бири болуп калууда.
Ошондуктан, мамлекеттик кызматкер үчүн “Эркин-Тоо” гезитин үзгүлтүксүз окуп туруу кесиптик жоопкерчиликтин бир бөлүгү катары каралышы керек деп ойлойм.
Балким, мындан ары мамлекеттик жетекчилер менен болгон ар бир жолугушууда алардын аймагында Президент койгон тапшырмалар кандай аткарылып жатканы менен бирге, мамлекеттик саясатты жөнгө салган жаңы укуктук актылар менен канчалык деңгээлде тааныш экенин да сурай турган учур келгендир. Мүмкүн журналисттик кесипке таянып, биз дагы суроо узатып коюуну туура көрүп олтурабыз. Президенттин койгон тапшырмаларын, алардын аткарылышын Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсү үчүн сурап коюу биздин дагы милдет эмеспи. Анткени, мыйзамды билүү менен мыйзамды аткаруунун ортосундагы байланыш түз жана абдан маанилүү.
Кыскасы, Президент мамлекеттик башкаруунун жаңы философиясын сунуштады. Анын өзөгүндө бир эле түшүнүк жатат, түшүнгөнгө: “ички көйгөй борборго жетпей эле жеринде чечилиши керек” деген. Бул принцип иш жүзүндө толук аткарылганда гана мамлекеттик башкарууга болгон коомдук ишеним чыңдалат. Президент өз тарабынан саясий эркти көрсөттү, жоопкерчиликти күчөттү, жаңы ыйгарым укуктарды берди, так талаптарды койду. Эми, сөз аймактардагы жетекчилерде. Алардын ишине эң башкы бааны убакыт, андан да маанилүүсү эл өзү берет.
Күнболот Момоконов