Президенттин тапшырмасы менен чек арадан жабыркаган үй-бүлө жаңы конушка ээ болду

22-июль, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 207

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Лейлек районунун тургуну Ыхывал Абдувалиеванын үй-бүлөсүнө бардык шарттары бар жаңы турак үй тапшырылды.

Үйдүн ачкычын Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылында өткөрүп берди.

Маалыматка ылайык, Абдувалиеванын үй-бүлөсү буга чейин Тажикстандын жарандары болгон. Алар 2016-жылдан тарта Кыргызстандын жарандыгын ала башташкан. 2025-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында алар жашаган аймак Кыргызстанга өткөн.

Мыйзамга ылайык, мындай учурда турак жай маселеси тиешелүү тартипте чечилиши керек болчу. Бирок үй-бүлө Кыргызстандын жараны болуп калгандыктан, турак жай маселеси татаалдашкан. Алар Бишкекте батирде жашап, Президентке кайрылышкан.Семье, оставшейся без дома после делимитации границы, вручили жилье - | 24.KG

Абалын эске алган мамлекет башчысы жергиликтүү бийликке үй менен камсыздоо тапшырмасын берген.

Белгилей кетсек, Лейлек районунда Абдувалиеванын үй-бүлөсүнө окшогон дагы 8 үй-бүлө бар. Алар да Тажикстандан Кыргызстанга өткөн турак жайларды бөлүштүрүү ишинин алкагында үйлүү болушат.

Чек араны тактоонун жыйынтыгында Баткен облусундагы 259 турак үй Тажикстанга, ал эми Согди облусундагы 214 турак үй Кыргызстанга өткөн. Кыргызстанда чек ара алмашуусунан улам турак жайсыз калган жарандар үчүн 257 жаңы үй курулуп, ээлерине берилген.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X