Президенттин тапшырмасы менен курулуп жаткан «Баластан» борборунун курулушу 70 пайызга аяктады

5-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 184

Талас шаарында курулуп жаткан «Баластан» балдар оюн-зоок жана өнүктүрүү борборунун курулуш иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.

Анын айтымында, долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Учурда курулуш иштеринин 70 пайызы бүткөрүлдү.

Президенттин өкүлү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу менен биргеликте курулуш объектисинде болуп, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү жана сапаты менен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштеринин белгиленген графикке ылайык аткарылышына жана сапат талаптарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.

5-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 184
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X