Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн биринчи орун басары дайындалды

10-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 244

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси менен Абдырайым уулу Шабдан Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 18-беренесине ылайык кабыл алынган.

10-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 244
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X