Президенттин Жарлыгы менен МСЭК дарыгер-эксперттеринин айлыгы 90 миң сомго чейин жогорулады
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, 2026-жылдын апрель айынан тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) кызматкерлеринин эмгек акысы орточо 100 пайызга жогорулатылды.
Маалыматка ылайык, эмгек акынын жогорулатылышы Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыгынын негизинде ишке ашырылган.
Буга чейин МСЭКтин дарыгер-эксперттери орточо 14 миң сом, ал эми комиссиянын төрагалары орточо 25 миң сом айлык алышчу. Азыркы учурда аймактык комиссиялардын дарыгер-эксперттеринин эмгек акысы эмгек стажына жана кошумча төлөмдөрүнө жараша 50 миңден 60 миң сомго чейин түзөт. Ал эми бийик тоолуу аймактарда иштеген адистердин айлыгы 80 миңден 90 миң сомго чейин жетет.
Министрликтен белгилешкендей, эмгек акыны жогорулатуу коррупциялык тобокелчиликтерди азайтууга, ошондой эле медициналык-социалдык экспертиза кызматтарынын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.