Профессор Абдылдажан АКМАТАЛИЕВ: “АЙТМАТОВ – КЫРГЫЗДЫН ДҮЙНӨГӨ АЧЫЛГАН РУХАНИЙ ЭШИГИ”

17-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 31

Абдылдажан Акматалиев – белгилүү адабиятчы, сынчы, акын, филология илимдеринин доктору, профессор, академик, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз УИАсынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, кыргыз адабият таануу илиминин көрүнүктүү өкүлү. Ал өзгөчө Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеген эң белгилүү Айтматов таануучулардын бири.

— Абдылдажан агай, Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөгө эмне түрткү болду?

— Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөө жолум студенттик кезимден башталды. Айтматовдун чыгармаларындагы көркөм дүйнө, образдардын тереңдиги, метафоралык ой жүгүртүү жана салыштыруунун көркөм каражат катары колдонулушу мени өзгөчө кызыктырды. Студенттик учурда
Айтматовдун чыгармалары боюнча 120 беттик дипломдук иш жазып, анда жазуучунун көркөм каражаттарды колдонуу чеберчилигин, айрыкча метафора жана салыштыруулар аркылуу философиялык ойду жеткирүү ыкмаларын талдоого алганмын. Бул эмгегим мамлекеттик аттестация тарабынан жогору бааланып, “Эл агартуу” журналына 20 бет болуп жарыяланган. 1979-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясында эмгектене баштагандан кийин, Айтматовдун чыгармачылыгын тереңирээк улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум.

— Чыңгыз Айтматовдун кайсы сөзү же чыгармасы сиздин жашооңузга таасир эткен?

— Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын баары өзүнчө чоң дүйнө. Бирок жашоомдо өзгөчө таасир калтырган чыгарма катары мен “Саманчынын жолу” повестин айта алам. Мындан он төрт жыл мурда мен Түштүк Кореяда жүргөндө чоң саясий чыңалуу болуп турган. Дал ошол учурда Айтматовдун “ Саманчынын жолу” чыгармасы абдан терең ойго салды. Бул чыгармада согуштун адам тагдырын кандай талкалай турганы, энелердин кайгысы, элдин жүрөгүндө калган жараат өтө күчтүү сүрөттөлөт. Айтматов согушту жөн гана тарыхый окуя катары эмес, адамзаттын трагедиясы катары көрсөтө алган. Мен үчүн Айтматовдун даанышмандыгы, көрөгөчтүгү, улуулугу- анын чыгармалары бүгүнкү глобалдык заманда актуалдуу болуп, адамды ойлонууга, тынчтыкты баалоого чакырат. Ошондуктан “Саманчынын жолу” менин дүйнө таанымыма чоң таасир эткен чыгармалардын бири болуп калды.

— Сиздин оюңузча залкар жазуучунун чыгармаларынан бүгүнкү жаштар кандай сабак алышы керек?

— Бүгүнкү жаштар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан — адамдык баалуулуктарды, жоопкерчиликти жана руханий бекемдикти үйрөнүшү керек. Жаштар Айтматовду окуп, коомдун көйгөйлөрүн терең түшүнүп, өз жашоосунда акылмандык жана адамгерчилик менен чечим чыгарууну үйрөнүшү зарыл. Ал эми ар бир чыгарма жаштардын аң- сезимин кеңейтет, дүйнөгө, адамдарга жана өзүнө терең көз караш болуп кызмат кылат. Айтматовдун мурасы – жаштар үчүн ой-жүгүртүүнүн, адептүүлүктүн жана руханий өсүүнүн башаты.

— Айтматовдун 100 жылдык мааракеси жакындап келатат. Бул маараке кандай деңгээлде белгиленсе дейсиз?

— Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракеси жөн эле өтүп кетчү дата эмес, бул улуттун руханий деңгээлин дүйнөгө кайрадан көрсөтө турган чоң мүмкүнчүлүк. Мындай маараке эң жогорку мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде өтүшү керек. Анткени, Айтматов- бир гана кыргыз элинин эмес, бүт дүйнөлүк адабияттын улуу өкүлү. Анын чыгармалары адамзаттын тагдыры, руханий кризис, адеп- ахлак, сүйүү, мекен, адамдык жоопкерчилик тууралуу терең ой жараткан мурас. Айтматовдун мааракеси салтанат үчүн гана эмес, анын чакырыктары бүгүнкү коомго кайра угулушу үчүн өткөрүлүшү зарыл. Азыркы муун “Айтматовду билем” деп тим болбой, “Айтматовду окуп, түшүндүм, андан сабак алдым” деген деңгээлге жетиши керек. Айтматов – чолпон жылдыз сыяктуу. Ал биздин руханий асманыбызда жол көрсөтүп турат. Аны унутууга да, үстүртөн айтып коюуга да болбойт.

— Айрым учурларда улуу жазуучубузга карата сын пикирлер айтылып келет. Мындай көз караштарга сиз кандай жооп берет элеңиз?

— Туура айтасыз. Чыңгыз Айтматов сыяктуу улуу инсанга ар кандай пикирлердин болушу, бул табигый көрүнүш. Анткени чоң чыгармачылык дайыма талкуу жаратат. Мындай учурларда жооп берүүдө эң негизгиси – сабырдуулук жана акыл-эстүү мамиле. Ар кимдин өз табити, өз түшүнүгү, өз деңгээли бар. Кимдир бирөө Айтматовдун чыгармаларын терең кабыл алса, башка бирөө толук түшүнбөшү мүмкүн. Бул кадимки көрүнүш.

— Сиз үчүн Чыңгыз Айтматов ким болгон?

— Мен үчүн, Чыңгыз Айтматов- кыргыз элинин руханий символу, дүйнөлүк деңгээлдеги улуу жазуучу жана кеменгер ойчул. Ал өз чыгармалары аркылуу адамдын ички дүйнөсүн, коомдун көйгөйлөрүн, адеп-ахлак менен жоопкерчиликти терең ачып берген. Айтматов улуттун чолпон жылдызы, муундарды тарбиялап, адамзатка жол көрсөткөн акылман инсан.

Чынара Калматова

17-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X