Прокуратура авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
Ишкердик субъекттеринин укуктарын колдоого жана коргоого багытталган Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында Транспорттук прокуратура ата мекендик жана чет өлкөлүк авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча прокуратура органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, алардын укуктары бузулган учурда прокурордук чара көрүүнүн мыйзамда каралган механизмдери тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасынын иштөө тартиби көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, авиакомпаниялардын ишмердүүлүгүндө келип чыккан актуалдуу маселелер талкууланып, аларды тиешелүү мамлекеттик органдардын компетенциясынын чегинде чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору каралды.