Прокуратура: бала бакчада 6 адамга мыйзамсыз маяна эсептелген
Ысык-Ата райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Ак-Кудук айыл аймагындагы «Бала-Кербен» атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды.
Маалыматка ылайык, мекеменин жооптуу кызматкерлери 2024-жылдан тартып жумуш убактысын эсепке алуу документтерине жана эмгек акы төлөө ведомостторуна иш жүзүндө иштебеген алты адамды киргизип, аларга мыйзамсыз түрдө маяна эсептеп келишкен. Натыйжада олуттуу өлчөмдөгү мамлекеттик акча каражаттары ыйгарылып алынганы белгилүү болду.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголду.
Учурда бул иш боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.