"Эркин-Тоо"

Прокуратура: Бишкек мэриясынын кызматкерлери ай сайын эки маянанын өлчөмүн алып жүрүшкөн

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Финансы министрлигинин Бишкек шаардык финансы башкармалыгында мэриянын кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө бөлүнгөн бюджеттик каражатты пайдалануунун мыйзамдуулугуна карата текшерүү жүргүзүлдү.

13-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүдө ай сайын эки маянанын өлчөмүнө чейин мыйзамсыз жогорулатуу менен кошумча үстөк акы төлөнүп келгендиги аныкталган.

Тактап айтканда, 2021-2022-жылдар аралыгында мэриянын, Бишкек шаардык кеңешинин жана шаардык финансы башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары өздөрү жана башка адамдар үчүн мыйзамсыз кошумча үстөк акыларды алууга жол ачышкан. Натыйжада 781 млн 397,3 миң сом зыян келтирилгени аныкталган.

Бул факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») жана 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!