Прокуратура кызматкерлери спорттук мелдеште күч сынашты

10-август, 2026-ж. / Редакция / Спорт 164

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлери арасында дене тарбияны өнүктүрүүгө жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган Спартакиаданын I этабы башталды.

Мелдештин жүрүшүндө прокуратуранын ар кайсы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери футбол, волейбол, салмак көтөрүү, аркан тартыш, шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси жана бильярд боюнча күч сынашты.Возможно, это изображение боевые искусства

Спорттук таймаштар кызуу атаандаштыкта өтүп, катышуучулар күчүн, шамдагайлыгын жана спорттук даярдыгын көрсөтүштү. Командалык оюндарда кызматкерлердин ынтымагы, бири-бирин колдоосу жана жеңишке болгон умтулуусу өзгөчө байкалды.

Уюштуруучулардын белгилешинче, Спартакиада кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо менен катар командалык духту бекемдөөгө, корпоративдик маданиятты өнүктүрүүгө жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган.

10-август, 2026-ж. / Редакция / Спорт 164
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X