Психикалык оорулары бар бейтаптарды көзөмөлдөө үчүн атайын реестр түзүлүшү мүмкүн

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 101

Жогорку Кеңештин комитетинде психикалык оорулардан жабыркаган адамдарды эсепке алуу, көзөмөлдөө жана дарылоо маселеси талкууланды. Жыйында Саламаттык сактоо министрлиги бул багыттагы жүргүзүлүп жаткан иштер жана реформалар тууралуу маалымат берди.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуевдин маалыматына караганда, 2026-жылдын башына карата республика боюнча психикалык бузулуулары бар 52 миңден ашык адам каттоодо турат. Аларга медициналык жардам көрсөткөн психиатр дарыгерлердин саны 138.

«Учурда психиатриялык кызматта кадрлардын жетишсиздиги байкалууда, дарыгерлерге түшкөн жүк да жогору», — деди ал.

Маселе депутат Эльвира Сурабалдиеванын демилгеси менен каралды. Ал бейтаптар стационардан чыккандан кийин алардын абалын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген системаны түзүү зарылдыгын белгиледи.Возможно, это изображение один или несколько человек и люди учатся

Депутаттын айтымында, мындай система эл аралык практикада колдонулат, бирок Кыргызстанда аны түзүү боюнча сунуштар көп жылдан бери айтылып келгени менен, азыркыга чейин тиешелүү механизм ишке кире элек. Сурабалдиева кырдаалды жөнгө салуу үчүн ыкчам чараларды көрүп, атайын реестр түзүүнү сунуштады.

Жыйында психиатр адистерин даярдоо жана аймактарды кадрлар менен камсыз кылуу маселеси да көтөрүлдү. Министрдин орун басары медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту менен биргеликте иш жүрүп жатканын, мындан тышкары психиатриялык кызмат үчүн медайымдарды да даярдоо тапшырмасы берилгенин билдирди.

Ошондой эле депутаттар психиатриялык жардамдын нормативдик моделин иштеп чыгуу, кадр саясатын күчөтүү, талап кылынган адистиктер боюнча мамлекеттик заказ түзүү, бейтаптарды дары-дармек менен камсыз кылуу жана стационардык жардамды каржылоо маселелерин көтөрүштү.

Мындан тышкары, комитетте «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты. Документ эмгек акыны индексациялоону анын реалдуу мазмунун камсыз кылган мыйзамдык механизм катары бекитүүгө багытталган.

 

 

 

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 101
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X