Психикалык саламаттык начарлап баратабы?
Өткөн аптада «Кыргызстандын психотерапевттер жана психологдор ассоциациясынын» бет ачары өттү. Уюм психолог Шолпан Мамытованын демилгеси менен өлкөдөгү билим берүү мекемелеринде, саламаттык сактоо тармагында жана жеке практикада иштеген психологдордун башын бириктирүү максатында түзүлгөн.
Азырынча ассоциациянын ишмердүүлүгүнө 22 уюм кызыгуу билдирип, ага кошулууга даяр экенин маалымдады. Алар акыркы жылдары өлкөдө жарандардын психикалык саламаттыгына байланышкан көйгөйлөр көбөйүп жатканын жана бул бара-бара олуттуу маселеге айланышы мүмкүн экенин белгилешти. Ассоциациянын түзүлүшүнүн башкы максаты да ушул көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүү болуп саналат.
100 миң адамга 8,6 учур катталат
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана Бириккен Улуттар Уюмунун 2024-жылы жарыялаган маалыматына ылайык, Кыргызстан калкынын болжол менен 11%ы психикалык бузулуулардан жабыркайт.
Расмий маалыматтар боюнча, 2024-жылы өлкөдө 9057 адамга психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары биринчи жолу диагноз коюлган. Бул көрсөткүч 2023-жылы 8 863 болсо, 2022-жылы 10 796 болгон.
Кыргызстанда суицидден каза болгондордун көрсөткүчү ар 100 миң калкка 8,6 учурду түзөт. ДССУнун эсептөөлөрүнө ылайык, 2022-жылы психикалык оорулардын экономикага тийгизген чыгымы болжол менен 3,97 млрд сомду түзгөн. Бул сумма саламаттык сактоо чыгымдарын жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жоготууларын камтыйт.
Жаңы түзүлгөн ассоциациянын жыйынына катышкан психологдор менен психотерапевттердин айтымында, учурда кыргызстандыктар психологдорго 35тен ашуун түрдүү маселе боюнча кайрылып жатышат. Алардын арасында зомбулукка кабылгандар көп. Андан кийинки орунда өспүрүмдөрдүн жана мектеп окуучуларынын көйгөйлөрү турат. Ошондой эле ата-эне менен баланын ортосундагы келишпестиктер, өз өмүрүнө кол салуу аракеттери, үй-бүлөлүк чыр-чатактар, тынчсыздануу, депрессия, телефондон көз карандылык жана агрессия сыяктуу көйгөйлөр кеңири кездешет.
Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда эң көп кездешкен психикалык оорулардын катарына депрессия, узакка созулган көңүл чөгүү, кызыгуунун азайышы, энергиянын төмөндөшү, посттравмалык стресстик бузулуу, алкоголго байланышкан бузулуулар, башка көз карандылыктар жана шизофрения кирет.
Адистер психикалык саламаттыкка терс таасир эткен негизги факторлор катары экономикалык кыйынчылыктарды, жумушсуздукту, эмгек миграциясын, үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү жана өнөкөт ооруларды аташат.
Психологдун ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзам жок
Психикалык саламаттыкка байланышкан көйгөйлөр көбөйгөнүнө карабастан, Кыргызстанда психологдордун жана психотерапевттердин ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзам жок. Мындан улам өзүн психолог же коуч катары тааныштырып, тиешелүү билими жок кызмат көрсөткөн адамдар да көбөйүп жатканын адистер белгилешет. Алар мындай көрүнүштү мыйзам аркылуу гана жөнгө салууга болорун айтышат. Бирок мындай мыйзамды иштеп чыга турган жооптуу тарап азырынча аныктала элек.
Кыргызстанда психологдордун расмий реестри жок болгондуктан, алардын так саны белгисиз. Жаңы түзүлгөн ассоциациянын өкүлдөрү да учурда өлкөдө канча психолог иштеп жатканын так айтуу мүмкүн эмес экенин билдиришти. Себеби алардын көбү билим берүү тармагында, саламаттык сактоо мекемелеринде, бейөкмөт уюмдарда же жеке практикада иштешет жана бирдиктүү эсепке алынбайт.
Ал эми психиатрлар менен наркологдордун саны 190го жетет. Психотерапевттер боюнча өзүнчө расмий статистика жок. Алардын бир бөлүгү психиатр-дарыгер катары мамлекеттик мекемелерде иштесе, айрымдары жеке практика жүргүзүшөт.
Психолог менен психотерапевттин айырмасы эмнеде?
Көпчүлүк психолог менен психотерапевтти бир эле кесип деп ойлошот. Чынында бул эки адистин иш багыты, билими жана жардам көрсөтүү ыкмалары бири-биринен айырмаланат. Экөө тең адамдын психикалык саламаттыгын чыңдоого жардам бергени менен, аткарган милдеттери ар башка.
Психолог — психология боюнча жогорку билим алган адис. Ал адамдын жүрүм-турумун, эмоцияларын жана ой жүгүртүүсүн изилдеп, психологиялык кеңеш жана колдоо көрсөтөт. Ошондой эле психологиялык тесттерди жүргүзүп, адамдын психологиялык абалын баалай алат. Бирок психолог дары-дармек жазууга укуктуу эмес.
Психотерапевт — психотерапия боюнча атайын даярдыктан өткөн адис. Ал депрессия, тынчсыздануу бузулуусу, посттравмалык стресстик бузулуу жана башка психикалык көйгөйлөр менен узак мөөнөттүү иш алып барат. Эгер психотерапевт медициналык билими бар дарыгер болсо, анда зарыл учурда дары-дармек да дайындай алат.
Психологго көбүнчө күнүмдүк жашоодогу кыйынчылыктар, эмоционалдык чыңалуу, өзүн өнүктүрүү же адамдар менен болгон мамилелерди жакшыртуу үчүн кайрылышат. Ал эми психотерапевтке психикалык белгилер узак убакытка созулуп, адамдын окуусуна, ишине же күнүмдүк жашоосуна олуттуу таасир эткен учурда кайрылуу сунушталат.
Психолог менен психотерапевттин максаты бир — адамдын психикалык саламаттыгын чыңдоо. Бирок психолог негизинен кеңеш берүү жана психологиялык колдоо көрсөтсө, психотерапевт атайын терапиялык ыкмалар аркылуу психикалык бузулууларды дарылоого жардам берет. Кайсы адиске кайрылуу керектиги адамдын абалына жана муктаждыгына жараша аныкталат.
Ишеним барбы?
Адистердин айтымында, акыркы жылдары психологдорго көбүнчө жаштар, студенттер жана шаар тургундары кайрыла баштады. Социалдык тармактардын өнүгүшү, маалымат каражаттарындагы түшүндүрүү иштеринин күчөшү жана психикалык саламаттык тууралуу маалыматтын көбөйүшү адамдардын бул кызматка болгон көз карашын өзгөртүүдө.
Мурда психологго кайрылуу «уят» же «алсыздыктын белгиси» катары кабыл алынса, азыр аны өз ден соолугуна кам көрүүнүн бир жолу катары түшүнгөндөр көбөйүүдө.
Ошол эле учурда ишенимдин төмөн болушуна психология тууралуу маалыматтын жетишсиздиги, психолог менен психиатрдын айырмасын билбөө, квалификациялуу адистердин бардык аймактарда жетишсиздиги жана психикалык ооруларга байланышкан коомдук стигма таасир этүүдө. Айрыкча айыл жерлеринде адамдар көйгөйлөрүн көбүнчө үй-бүлөсү же жакындары менен чечүүгө аракет кылышат.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда калктын болжол менен 20 пайызында жеңил деңгээлдеги психикалык саламаттык көйгөйлөрү болушу мүмкүн. Оор психикалык оорулардын үлүшү кыйла аз. Бирок адистер жардам сурап кайрылбаган адамдар көп болгондуктан, реалдуу көрсөткүч мындан да жогору болушу мүмкүн экенин белгилешет.
Мамлекет тарабынан психикалык саламаттык кызматтарын өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик программалар кабыл алынган. Алардын негизги максаты — психологиялык жана психиатриялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, алдын алуу иштерин күчөтүү жана калктын психикалык саламаттык боюнча сабаттуулугун жогорулатуу.
Бирок адистердин пикиринде, бул тармакты мыйзамдык негизде жөнгө салуу зарыл. Анткени жарандар кимге кайрылып жатканын, ким кесипкөй адис экенин так билиши керек.
Жазгүл Кенжетаева