"Эркин-Тоо"

Психологиялык травма адамдын ДНКсында сакталып калат

Адам өзү психологиялык травмадан арылганы менен анын ДНКсында сакталып, кийин балдарына өтүшү ыктымал. Бул тууралуу Нуриза Батырбекова америкалык окумуштуулардын иликтөөсүнө таянып Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Мисалы, кыздар бала төрөгөндө наристесине ДНК аркылуу берилиши мүмкүн. Ошондой эле психологиялык травмага кабылып чоңойгон адамдардын иммунитети башкаларга салыштырмалуу начар болот. Сөөгү сынса бүтпөй кыйналат. Үйүнөн психологиялык травма алып чоңоюп келе жаткан балдардын мээси өз теңтуштарыныкынан жайыраак өсүшү ыктымал,-дейт психолог.