QR код аркылуу жол кире төлөй аласыз

Бишкектин  жүргүнчүлөрү үчүн  QR код  колдонуп, муниципалдык коомдук транспортто жол кире акысын төлөө үчүн пилоттук долбоор  ишке кирди. QR кодун пайдалануу үчүн  телефонуңузга “Тулпар” тиркемесин көчүрүп оң бурчтагы кошуу белгисин басып, QR кодун сканерлеп же троллейбустун кире беришиндеги салондо жайгашкан транспорттук кодду теришиңиз керек болот. Жол акы төлөнгөндүгүн ырастоону «жүрүү тарыхы» бөлүмүнөн көрүүгө  болот. Шаардыктар №2, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 14, 17 троллейбустун бардык каттамдарында жана №38  автобус каттамында QR кодун  колдонсо болот. Жакында транспорттун калган бөлүгүнө QR коддорун орнотуу пландалууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X