QR-код менен алдаган шылуундар көбөйдү
Кыргызстанда алдамчылар Мамлекеттик салык кызматынын атын жамынып, жарандардын акчасын жана жеке маалыматтарын мыйзамсыз алууга аракет кылууда. Алар салык карызы же айып пул бар экенин айтып, телефон чалып же билдирүү жөнөтүшөт. Ошондой эле жасалма каттарды жана төлөм жүргүзүү үчүн QR-коддорду жөнөтүшү мүмкүн.
Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, мекеменин кызматкерлери жарандардан сырсөздөрдү, ырастоо коддорун жана банк картасынын маалыматтарын сурашпайт. Ошондой эле телефон же мессенжер аркылуу акча которууну, салык же карыз төлөөнү, отчет тапшырууну талап кылышпайт.
Эгер сизге салык карызыңыз бар экени айтылып, ар кандай санкциялар менен коркутушса, талаптарды дароо аткарууга шашылбаңыз.
Маалыматты Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу текшериңиз же салык органына кайрылыңыз. Мамлекеттик салык кызматынын байланыш телефондору мекеменин расмий сайтындагы «Байланыштар» бөлүмүндө көрсөтүлгөн.
Алдамчылыкка туш болгон учурда укук коргоо органдарына кайрылып, зарыл болсо, 102 номерине чалыңыз.
Салык кызматы жарандарды шылуундардан сак болууга чакырып, төмөнкү эрежелерди эскертет:
-
Шектүү шилтемелерди ачпаңыз.
-
Сырсөздөрдү, ырастоо коддорун жана банк картасынын маалыматтарын эч кимге бербеңиз.
-
Белгисиз адамдарга акча которбоңуз.
-
Маалыматты расмий порталдар жана сайттар аркылуу гана текшериңиз