Рахматжан Сатувалдиев: “Султан” колбаса азыктары бардык стандарттарга жооп берет

Талас облусунун алыскы Үч-Коргон аймагында жайгашкан «Султан» колбаса азыктарын чыгаруучу ишкана бүгүнкү күндө заманбап технологияларды колдонуп, 20дан ашык түрдөгү продукцияны өндүрүүдө. Ишкана азыктардын сапатын жана даамын сактоо үчүн ГМО колдонбой, табигый ыштоо ыкмасына артыкчылык берет.

Бир кезде үй-бүлөлүк чакан иш катары башталган өндүрүш азыр өлкөдөгү ири соода түйүндөрүнө продукция жеткирген ишканага айланды. Бүгүн «Султан» бренди керектөөчүлөрдүн ишенимине ээ болуп, рынокто өз ордун тапты. Ишкананын директору Рахматжан Сатувалдиев өндүрүштүн өнүгүү жолу, учурдагы жетишкендиктери жана тармактагы көйгөйлөр тууралуу айтып берди.

Рахматжан Ахметович, чакан ишканадан бүгүнкү күндөгү ири өндүрүшкө чейин жеткен жолуңуздар тууралуу айтып берсеңиз?
— Ишканабыздын түзүлгөнүнө 15 жыл болду. Алгач үй-бүлөбүз менен 7-8 адам болуп иш баштаганбыз. Башында продукциябызды айыл ичинде жана жакынкы райондордогу дүкөндөргө таратып жүрдүк. Убакыттын өтүшү менен өндүрүшүбүздү кеңейтип, материалдык-техникалык базабызды чыңдадык.
Чийки заттарды ишенимдүү өнөктөштөрдөн сатып алабыз. Өндүрүштө колдонулган жабдууларыбыз Өзбекстан, Россия жана Түркия мамлекеттеринен алынып келген. Бүгүнкү күндө ишкананын жылдык товар жүгүртүүсү 80 миллион сомдун тегерегин түзүп, өндүрүш көлөмү жылына 200 тоннага чейин жетти.
Учурда цехте 25 адам туруктуу жумуш менен камсыз болгон. Мындан тышкары экспедиторлор жана сезондук жумушчулар да эмгектенишет. «Султан» бренди менен чыгарылган продукцияларга суроо-талап жылдан-жылга өсүп, учурда «Азия» жана «Globus» гипермаркеттери менен да кызматташып жатабыз.
Биздин продукциялар халал жана ЕАЭБ талаптарына жооп берген сертификаттарга ээ. Быйыл тиешелүү документтерди толук даярдап, эл аралык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Азыркы учурда продукциябыз өлкөнүн бардык облустарындагы ири соода түйүндөрүндө сатылууда. Алгач өндүрүштү колбасанын беш түрү менен баштасак, бүгүн ассортиментибиз 20дан ашык түргө жетти.

— Эттин баасы кымбаттап жаткан учурда чийки затты кайдан алып жатасыздар?
— Талас облусунда бизге керектүү көлөмдө чийки зат менен камсыздай алган ишканалар азырынча жок. Ошондуктан импорттук сырьё колдонууга аргасызбыз. Бул багытта Казакстан жана Россиядагы халал талаптарына жооп берген ишканалар менен иштешебиз. Ишканабызда тажрыйбалуу технологдор эмгектенет. Продукциялардын курамы толугу менен сертификатталган. Негизги чийки зат катары тоок этин колдонобуз. Айрым учурда кардарлардын атайын буйрутмалары боюнча да продукция чыгарабыз.
Керектөөчүлөрдүн талабына жараша ышталган жана бышырылган колбасалар, сосискалар жана ар кандай деликатестер өндүрүлөт. Деликатес азыктарына колдонулган куйруктарды фермерлерден келишимдин негизинде сатып алабыз. Айрым учурда алардын баасы колбаса өндүрүүгө кеткен чийки заттан да кымбат болуп калат.

— Жергиликтүү фермерлер менен иштешүү мүмкүн эмеспи?
— Алгачкы жылдары жергиликтүү фермерлер менен иштешкенбиз. Бирок, өндүрүш көлөмү өскөн сайын алардын мүмкүнчүлүгү жетишсиз болуп калды. Ошондуктан импорттук чийки затка көз каранды болуп жатабыз.  Мындан тышкары биздин сырьё халал жана эл аралык стандарттардын талаптарына жооп бериши керек. Жакында Москва шаарында өткөн көргөзмөгө катышып, халал сертификаты менен иштеген бир катар ишканалар менен жаңы келишимдерди түзүп келдик. Учурда негизинен Казакстандагы эки ири ишканадан чийки зат алып жатабыз.

— Өндүрүштөгү жабдуулар талапка жооп береби?
— Технологдорубуз өндүрүштөгү жаңылыктарды дайыма көзөмөлдөп турушат. Жабдууларды үзгүлтүксүз жаңылап, модернизациялап келебиз. Жыл сайын коптильня жана конвейердик жабдууларды жаңыртып турабыз. Заманбап жабдуулар өндүрүштүн ылдамдыгын арттырып, чыгымдарды азайтууга жардам берет. Ошондуктан бул багытка өзгөчө көңүл бурабыз.

Учурда сиздерди түйшөлткөн кандай маселелер бар? Мамлекеттен кандай колдоо күтөсүздөр?
— Салык жаатында көйгөй жок. Мамлекет тарабынан белгиленген бардык салыктарды өз убагында төлөп келебиз. Бирок беккари чуңкуру боюнча маселе жаралууда. Эгер жергиликтүү бийлик тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилсе, аны өз каражатыбыздын эсебинен куруп алмакпыз. Өндүрүш көлөмү көбөйгөндүктөн учурдагы калдыктар төгүлүүчү жай тардык кылып жатат. Натыйжада аны үзгүлтүксүз тазалоого кошумча чыгымдар кетүүдө. Жумушчуларыбыз жумасына беш күн иштешет. Алар акысыз тамак-аш менен камсыздалып, душ, эс алуу бөлмөлөрүн пайдаланышат. Эмгек акы аткарган ишине жараша төлөнөт. Ошондой эле атайын медициналык кызматкер жумушчулардын ден соолугун көзөмөлдөп турат. Алыстан келип иштегендер үчүн жатакана каралган. Мындан сырткары жумушчуларды ташуу үчүн атайын транспорт уюштурулган.

Кенже Осмоналиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X