RAO Enterprises компаниясынын негиздөөчүсү: 12 жашымдан тартып эмгектенип, жашоону өзгөртүү үчүн биринчи кадамды өзүң жасашың керек экенин түшүндүм

Бүгүнкү күндө RAO Enterprises компаниясынын аты полимердик чийки затты импорттоо, курулуш жана эл аралык соода тармагында барган сайын көбүрөөк айтылууда. Бирок компаниянын ийгилигинин артында жөн гана бизнес-стратегия эмес, анын негиздөөчүсүнүн жеке өмүр жолу турат. Ал Кара-Суу шаарындагы жөнөкөй турмуштан баштап, эл аралык деңгээлде иш алып барган компанияны түптөөгө чейин узак жана татаал жолду басып өткөн.

Алгачкы турмуштук сыноолор анын дүйнө таанымына кандай таасир этти? Эмне үчүн ал өндүрүш тармагын өнүктүрүүнү тандады? Өнөктөштөр менен иштөөдө кайсы принциптерди эң башкы деп эсептейт жана компаниянын келечегин кандай элестетет?

Ушул жана башка суроолорго RAO Enterprises компаниясынын негиздөөчүсү берген маекти сунуштайбыз.

— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Сиз кимсиз жана бизнеске келген жолуңуз кандай болду?

— Атым Жахонгир Салижанов. Ооба, атым бир башкача, жана бул ысымды мага тайатам койгон экен. Ош облусунун Кара-Суу шаарынан болом. Биз үй-бүлөдө алты бир тууган болуп чоңойдук. Турмушубуз өтө жөнөкөй эле. Өзүбүздүн үйүбүз жок болчу. Союз тарагандан кийин атам кайтарган кампанын жанындагы кичинекей бөлмөдө жашачубуз. Атам өмүр бою курулушта кара жумушчу болуп эмгектенди, ал эми апам пирожки бышырып сатып, үй-бүлөнү багууга жардам берчү.

Он эки жашымда өз алдынча акча таба баштагам. Кичинекей балдарга шорты тигип, базарда сатып, мектеп формама акча чогултчумун. Ошондо эле бир нерсени түшүндүм: эгер жашооңду өзгөрткүң келсе, биринчи кадамды өзүң жасашың керек.

— Алгачкы ишкердик тажрыйбаңыз кандай болду? Бизнеске болгон көз карашыңызды эмне калыптандырды?

— Тогузунчу класстан кийин базарда Кытайдан келген товарларды сатып иштей баштадым. Жаштык, тажрыйбанын жана билимдин жетишсиздиги мени карызга алып келди.

2005-жылы чет өлкөгө иштегени кетүүгө туура келди. Ошол мезгилде жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Адам айлыктан айлыкка чейин жашабай, келечегин өзү куруп, узак мөөнөттүү максаттарды коюшу керек экенин түшүндүм.

— Өз компанияңызды түзүү идеясы качан пайда болду?

— 2018-жылы Кыргызстанга кайтып келгенде топтогон каражатым тез эле түгөнүп, татыктуу жумуш табуу оңой болгон жок.

Бишкекке келип, полиэтилен баштыктарын чыгарган ишканалардын бирине өндүрүштү кеңейтүүгө жардам бере баштадым. Ошондо тармактагы эң чоң көйгөйдү көрдүм — полимердик чийки заттын кымбаттыгы жана ортомчулардын көптүгү.

Ошол учурда заводдор менен түз иштеп, жергиликтүү өндүрүүчүлөргө чийки затты атаандаштыкка жөндөмдүү баада жеткирүү идеясы жаралды. Дал ушундайча RAO Enterprises компаниясынын пайдубалы түптөлдү.

— Компаниянын жетекчиси катары кайсы принциптерди эң башкы деп эсептейсиз?

— Чынчылдык, ачыктык жана жоопкерчилик.

Мен өзүм жокчулукту, каталарды жана оор чечимдерди башымдан өткөргөндүктөн, өндүрүшүнө өз каражатын жумшаган ар бир ишкерди жакшы түшүнөм.

Мен үчүн эң чоң ийгилик — өнөктөшүмдүн өсүшү. Эгер анын ишканасы өнүгүп жатса, демек биз дагы өз ишибизди туура аткарып жатабыз.

— RAO Enterprises компаниясын түзгөндө негизги максатыңыз кандай болгон?

—Кыргызстандагы көптөгөн ишканалар полимердик чийки затты бир нече ортомчу аркылуу сатып алып жатканын көрдүм. Натыйжада анын баасы жогорулап, жергиликтүү өндүрүүчүлөр сырттан келген даяр продукция менен атаандаша албай калышчу.

Биздин максат — дүйнөдөгү ири өндүрүүчү заводдор менен түз байланыш түзүп, сапаттуу чийки затты ата мекендик өндүрүш үчүн жеткиликтүүрөөк кылуу эле.

— Эмне үчүн компания полимердик чийки затты импорттоо, курулуш жана металлургиялык көмүр экспортун өнүктүрүп жатат?

— Бул үч багыт тең реалдуу сектордун өнүгүшү менен түз байланыштуу.

Полимердик чийки зат — өндүрүштүн негизи.

Курулуш — инфраструктуранын жана өнөр жайдын өнүгүшү.

Металлургиялык көмүр — аймактагы ишканалар үчүн маанилүү ресурс.

Биз үчүн бул жөн гана өзүнчө бизнес багыттары эмес, бири-бирин толуктап турган жана компаниянын туруктуу өсүшүнө шарт түзгөн тармактар.

— Эмне үчүн негизги басымды полимердик чийки затка жасадыңыз?

— Анткени дал ушул тармакта жергиликтүү өндүрүүчүлөргө чыныгы жардам бере ала турган мүмкүнчүлүктү көрдүм.

Ишкана сапаттуу чийки затты атаандаштыкка жөндөмдүү баада алса, өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, жаңы жумуш орундарын түзүп, рынокто ийгиликтүү атаандаша алат.

Ошондуктан полимердик чийки затты импорттоо биздин негизги артыкчылыктуу багытыбыз болуп калды.

— Бүгүнкү күндө полимердик чийки зат рыногун кандай баалайсыз?

— Менин оюмча, рынок активдүү өнүгүп жатат.

PP, HDPE, LDPE сыяктуу материалдарга болгон суроо-талап тынымсыз өсүүдө. Өндүрүш ишканалары заманбап жабдууларга инвестиция салып, чийки заттын сапатына мурдагыдан да жогорку талаптарды коюп жатышат.

Бул Кыргызстандагы өнөр жай жаңы деңгээлге чыгып жатканын көрсөтөт.

— Эмне үчүн өндүрүш ишканалары RAO Enterprises менен иштөөнү тандашат деп ойлойсуз?

— Биз кардарларга эң башкы нерсени сунуштайбыз — ишенимдүүлүк.

Өндүрүш үчүн чийки заттын кечигип келиши чоң чыгымдарды алып келет. Ошондуктан биз жеткирүүнүн туруктуулугуна, кампадагы запастарга жана тейлөөнүн сапатына өзгөчө көңүл бурабыз.

Эл аралык логистикадан баштап өндүрүүчү заводдор менен сүйлөшүүлөргө чейин бардык татаал процесстерди өзүбүз жүргүзөбүз. Натыйжада кардарлар өз өндүрүшүнө толук көңүл бура алышат.

— Сапат сертификаттары жана жеткирүүнүн туруктуулугу канчалык маанилүү?

— Бул — ишенимдин негизи.

Сапат паспорттору, сертификаттар жана кампадагы туруктуу запастар өндүрүшкө ишенимдүү пландаштыруу мүмкүнчүлүгүн берет.

Мындай негиз болбосо, өндүрүш дайыма тобокелчилик менен коштолот. Биздин максат — өнөктөштөрүбүздүн ишин мүмкүн болушунча туруктуу жана алдын ала пландоого ыңгайлуу кылуу.

— Кытай жана башка өлкөлөрдөгү өнөктөштөр менен кызматташтыкты кантип түзөсүздөр?

— Эл аралык бизнесте жеке мамиле эң маанилүү орунда турат.

Биз өндүрүүчү заводдорго барып, түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрөбүз.

Өнөктөштөр сенин жоопкерчиликтүү, ачык жана келечекке багытталган иш жүргүзүп жатканыңды көргөндө, ишеним жаралат. Ал эми ишенимди эч бир келишим алмаштыра албайт.

— Бүгүнкү күндө каржылык ачыктык жөнүндө көп айтылууда. Камсыздандыруу жана кредиттик кепилдиктер сыяктуу заманбап инструменттер канчалык маанилүү?

— Азыркы бизнес ачыктыкты жана жоопкерчиликти талап кылат.

Биз «Дордой Камсыздандыруу» сыяктуу финансылык инструменттерди колдонуп, тобокелчиликтерди азайтып, бүтүмдөрдүн ишенимдүүлүгүн камсыздап, айрым учурларда өнөктөштөрүбүзгө ийкемдүү шарттарды сунуштай алабыз.

Бул кызматташууну бардык тараптар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу кылат.

— Компания курулуш тармагын дагы өнүктүрүп жатат. Бул багытты эмне үчүн тандадыңыз?

— Мен үчүн курулуш — жөн гана имарат тургузуу эмес.

Биз адамдарга жана бизнеске көп жыл кызмат кыла турган заманбап турак жайларды, өндүрүштүк жана өнөр жай объектилерин курууну көздөйбүз.

Ар бир ишке ашкан долбоор өлкөнүн өнүгүшүнө кошулган салым деп эсептейм.

— Жакынкы жылдардагы негизги максаттарыңыз кандай?

Биз жеткирүү географиясын кеңейтүүнү, полимердик чийки заттын импорт көлөмүн көбөйтүүнү, ички процесстерди автоматташтырууну жана эл аралык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнү пландап жатабыз.

Максатыбыз — RAO Enterprises Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азияда ишенимдүү жана туруктуу өнөктөш катары таанылган компанияга айлануусу.

— Келечектеги өнөктөштөрүңүзгө эмне айткыңыз келет?

— Мен жашоодогу жолумду эң жөнөкөй шарттардан баштап өттүм жана ар бир эмгек менен табылган сомдун баркын жакшы билем.

Ошондуктан өз өндүрүшүн өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүп жаткан адамдарга чоң урмат менен мамиле кылам.

Биз үчүн RAO Enterprises жөн гана чийки зат жеткирүүчү компания эмес. Биз ишканалардын туруктуу өсүшүнө жардам берген, ишенимдүү жана узак мөөнөттүү өнөктөш болууга умтулабыз.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X