Равшан Сабиров James Cubitt & Partners компаниясы менен кызматташууну талкуулады
Бүгүн, 23-июнда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров архитектуралык долбоорлоо, инженердик чечимдер жана инфраструктуралык объектилерди өнүктүрүү багытында иш алып барган эл аралык James Cubitt & Partners (JCP) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, инвестицияларды тартуу жана инвесторлорду колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

Равшанбек Сабиров инфраструктураны өнүктүрүү жана социалдык объектилердин сапатын жакшыртуу өлкө үчүн маанилүү багыттардын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, бул жаатта алдыңкы эл аралык тажрыйбаны колдонуу жана заманбап чечимдерди сунуштаган чет элдик компаниялар менен кызматташтыкты кеңейтүү өзгөчө мааниге ээ.
Тараптар жолугушууда саламаттык сактоо жана инфраструктура тармактарындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл бурушту. Анын алкагында социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, медициналык мекемелерди жаңылоо жана заманбап инженердик чечимдерди колдонуу боюнча демилгелерге JCP компаниясынын катышуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Өз кезегинде James Cubitt & Partners компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандагы долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча консультацияларды улантуу жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү тууралуу макулдашышты.