Равшан Сабиров: “Кыргызстанда инвесторлор үчүн бюрократиясыз, ишенимдүү шарт түзүлдү”
2025-жылы кабыл алынган инвестициялар боюнча мыйзам Кыргызстанда инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшан Сабиров мыйзамдын иш жүзүндө натыйжалуулугун, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн көрүлүп жаткан аракеттерди жана өлкөдөгү ири инвестициялык долбоорлор боюнча кеңири маалымат берди.
– Равшан Азатович, 2025-жылы кабыл алынган инвестициялар боюнча №198 мыйзам көп талкуу жаратты. Айрымдар аны чоң мүмкүнчүлүк десе, башкалары кооптонуу менен карады. Бул мыйзам чындап Кыргызстанга инвестор тартууга жардам берип жатабы?
– 2025-жылдын 12-августунда инвестициялар боюнча кабыл алынган №198 мыйзам ар тараптуу каралып чыгып, эксперттер тарабынан жогору бааланган. Ошол эле учурда Жогорку Кеңеште дагы кызуу талкуу жараткан. Чынында мыйзам дүйнөлүк стандарттарга жооп берет, инвестиция тартуунун бардык негизги багыттарын камтыйт. Эң негизгиси – инвесторлор үчүн кепилдиктер так каралган. Алар өз каражатын эркин иштетип, керек болсо кайра чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле реквизиция маселеси да мыйзам чегинде так жөнгө салынган.
– Аталган мыйзам чыныгы жашоодо кандай иштеп жатат? Чындап эле инвесторлор корголуудабы?
– Инвесторлор корголуп жатат. Айтайын дегеним, мыйзам кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө иштеши керек. Азыр биз дал ошол багытта иштеп, инвесторлор менен түз иш алып барып, ар бир долбоорду коштоп, тоскоолдуктарды жоюуга аракет кылып жатабыз. Мурда көп нерсе өкмөттүн токтомдору менен чечилсе, азыр мыйзамдын негизинде чечилип, так механизмдер иштеп жатат.
– Мурда инвесторлор бюрократияга көп туш болчу. Азыр ошол көйгөй канчалык чечилди?
– Толугу менен жоюлду деп айтууга эрте, бирок бир топ жеңилдеди. Президент өзү да бир нече жолу белгилеп, “инвесторлорго шарт түзүү керек, тоскоолдук болбошу керек” деген. Азыр мамлекеттик органдарга так тапшырмалар берилген. Эгер кайсы бир жерде тоскоолдук жаралса, биз кийлигишип, маселени чечкенге аракет кылабыз.
– Эгер инвестор курган объект кийин мамлекетке керек болуп калса, компенсация маселеси кантип чечилет?
– Бул мыйзамда так жазылган. Көз карандысыз эксперттер баа берет, ошол баанын негизинде мамлекет төлөп берет. Бул – инвестор үчүн негизги кепилдиктердин бири. Ансыз, албетте, эч ким ири каражат салбайт.
– Инвесторлор көбүнчө кайсы өлкөлөрдөн келип жатат?
– Негизинен Кытайдан. Андан кийин Россия, Казакстан жана Европа өлкөлөрү. Кытайлык инвесторлор көбүнчө ири, технологиялык долбоорлор менен келет. Мисалы, жакында таштанды иштетүүчү завод ачтык – күнүнө 1000 тонна таштандыны кайра иштетет. Бул – заманбап, экологиялык талаптарга жооп берген чоң долбоор болду. Так ошондой таштанды иштеткен заводду Ошко да курууну пландап жатабыз.
– Мындай ири долбоорлордо экология маселеси канчалык эске алынат?
– Азыр бардык долбоорлор дүйнөлүк стандарттарга ылайык каралат. Экологиялык талаптар сөзсүз эске алынат. Болбосо андай долбоорлор өтпөйт.
– Президенттин кыялындай курулуучу Асман шаары боюнча иштер кандай жүрүп жатат?
– Былтыр Пекинге, Шанхайга барып, Кытай корпорациялары менен жолугушуп, келишимдерге кол коюп келгенбиз. Азыр бул долбоордун алкагында кытайлык компаниялар иш алып барып жатышат. Асман шаары – бул жөн эле курулуш эмес, келечектеги акылдуу, экологиялык таза шаар болот. Дүйнөлүк деңгээлдеги университеттер, стадиондор, амфитеатрлар курулат. Инженерлер, эксперттер жеринде иштеп, аймактын уникалдуулугун изилдеп жатышат. Быйыл курулуш иштери укмуштуудай ылдамдык менен башталат.
– Инвесторлор келди деп кубанганыңар менен коомчулукта “жерлер сатылып кетет” деген кооптонуу бар. Бул боюнча кандай пикирдесиз?
– Кыргызстандын мыйзамына ылайык, чет элдик инвесторлорго жер сатылбайт. Жер жеке менчикке берилбейт. Аларга убактылуу гана – 25, 30, 40 жылга пайдаланууга берилет. Инвестор долбоорун ошол мөөнөттө ишке ашырат, жумуш орундарын түзөт, салык төлөйт. Мөөнөт бүткөндөн кийин объект мамлекетке калат. Аны көтөрүп кетпейт. Мындан тышкары, инвесторлор жергиликтүү ишкерлер менен биргелешип ишкана ачып, чогуу иштешет. Ошондуктан, жер сатылып кетет деп кооптонбой эле койгонубуз оң.
– Кыргызстанда кайсы тармакта азыр эң чоң мүмкүнчүлүк бар? Кайсыл тармак “алтын доорго” туш болот?
– Азыр бир эле багыт эмес, бир нече тармак активдүү өсүп жатат. Курулуш тармагына инвесторлор көп келип жатат. Тоо-кен, агроөнөр жай, инфраструктура – жол, туннель, көпүрө долбоорлору жүрүп жатат. Ошондой эле Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу, “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластери, “Тамчы” атайын инвестициялык аймагы, Асман шаары, Камбар-Ата 1 ГЭСи, Токтогул ГЭСинде күн батареяларын орнотуу иштери жүрүүдө. Мына ушул жасалып жаткан иштин баары курулуштун алтын доорунан кабар берет.
– Равшан Азатович, инвестиция региондорго тартылып жатабы же баары эле борбордо топтолуп жатабы?
– Ачык айтыш керек, борбор гана өнүгүп жатат деп айтууга болбойт. Аймактарда да иштер жүрүп жатат. Мисалы, Токмокто Италиядан келген инвесторлор медициналык калдыктарды кайра иштетүүчү долбоорду ишке ашырып жатат. Аймактарда бетон заводдору, күнөсканалар, машина чогултуучу ишканалар ачылууда. Туристтик базалар, асма жолдор, лыжа кластерлери курулуп жатат. Жалпысынан бардык багыттарда өсүү, инвестиция тартуу аракети күч.
– Былтыр инвестициянын көлөмү 1 миллиард доллардан ашты деп айтылды. Бул өсүш канчалык туруктуу?
– 2024-жылы түз инвестициялар 1 миллиард 29 миллион доллар болду. 2025-жылдагы 9 айдын жыйынтыгы менен 18,5 пайызга өсүш бар экени байкалды…
– Кайсыл мамлекетке барсаңыз да бизнес форумдарды өткөрүп, инвестиция тартууга аракет кыласыз. Бизнес форумдар чындап эле инвестиция тартууга реалдуу жардам берет бекен?
– Ооба, жардам берет. Ошондуктан биз форумдарды активдүү өткөрүп жатабыз. Жыл аягында резиденцияда чоң форум өткөрдүк. Ишкерлерди чогултуп, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү, инвестициялык багыттарды талкууладык. Эркин экономикалык аймактар, индустриалдык парктар, мыйзамдык өзгөрүүлөр боюнча ачык сүйлөштүк. Ишкерлер да мындай формат керек экенин айтып жатышат.
– Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө толук шарт бар деп айта аласызбы?
– Толугу менен баары жакшы деп айта албайбыз. Маселелер бар – текшерүүлөр, салыктар боюнча талаштар, айрым учурда басымдар кездешет. Бирок мындай учурларда биз медиация жолу менен чечкенге аракет кылабыз. Орток пикирге келе албаганы сотко чейин жетет. Быйыл президент текшерүүлөргө мораторий киргизди. Бул – бизнеске чоң колдоо десек болот.
– Инвестициялык долбоорлордо коррупциялык тобокелдиктер азайып жатат деп ишенсек болобу?
– Бул эң маанилүү маселелердин бири. Бүгүнкү күндө антикоррупциялык мыйзам иштеп жатат. 2025-жылдын башында тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди. Ошонун негизинде Президенттин жарлыгы чыгып, ар бир мамлекеттик мекемеге антикоррупция боюнча жооптуу кызматкерлер бекитилди. Башкы прокуратурадан атайын кызматкерлер бөлүнүп, мекемелерде иштеп жатышат. Алар ар бир башкармалык менен иштешип, коррупцияны алдын алуу боюнча сунуштарды берип турушат. Президенттин мамлекеттик бюджетке кол салгандар жазасыз калбайт деген талабын аткарууга баары аракет кылышууда.
– Баса, “Ала-Тоо Резорт” долбоору президенттин көзөмөлүндө деп айтылып жүрөт. Иш кандай жүрүп жатат?
– Иш кызуу жүрүп жатат. Президент өзү барып мезгил кутусун салды. Инвесторлор тарабынан 1,5 миллиард долларга жакын каражат салынат. Бул долбоорду “экинчи Кумтөр” болот деген үмүт бар. Лыжа трассалары узун, заманбап деңгээлде курулат. Буюрса, туризмге чоң түрткү берет. Миңдеген жумуш орундар ачылат. Мейманканалардан, кызмат көрсөтүүдөн бюджетке чоң киреше түшөт.
– Инвесторлордон даттануулар келип жатабы? Аларга реакция кыласыздарбы?
– Албетте, даттануулар болот. Биз аларга кайдыгер карабайбыз. Башкы прокуратуранын антикоррупция бөлүмү менен биргеликте иштейбиз. Азыр онлайн форматта арыз калтырууга мүмкүнчүлүк бар. Инвесторлор түз эле кайрыла алат. Эгер укугу бузулса, биз юридикалык жардам көрсөтөбүз. Маселени жеринде чечкенге аракет кылабыз.
– Кен казуу боюнча да эл арасында нааразычылык көп болот. Айрыкча экология маселеси көтөрүлөт. Бул багытта эмне өзгөрдү?
– Мурда, 2020-жылга чейин, чынында эле чоң көйгөйлөр бар болчу. Аймактарда чыр-чатак чыгып, техникалар өрттөлгөн учурлар болгон. Инвесторлорду кууп чыккан фактылар да көп кездешкен. Азыр бул система өзгөрдү. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде иштеп жатабыз. Кирешенин 30 пайыздан кем эмес бөлүгү мамлекетке, жергиликтүү фонддорго 2% которулат. Жумуш орундар ачылат, салыктар төлөнөт. Экология министрлиги катуу көзөмөлдөйт, паспорту жок компания иштей албайт.
– Курулуш тармагы абдан активдүү жүрүп жатат. Муну сырттан келгендер да белгилеп жатат. Бул өсүш канчалык туруктуу?
– Ооба, курулуш, туризм, энергетика параллелдүү өнүгүп жатат. Жолдор, көпүрөлөр, пансионаттар, туристтик базалар, күнөсканалар, балык чарбалары – бардык багытта иштер жүрүп жатат. Мамлекеттик ипотекалык компания да жакшы иштеп жатат. Мигранттар кайтып келип, бул жактан иштеп жатышат. Айлык маселеси да акырындап көтөрүлүп баратат.
– Жакынкы пландарда кандай ири иш-чаралар бар?
– Кыргызстан ШКУга төрагалык милдетин өтөгөнү жатат. Июнь айында чоң иш-чаралар өтөт. Ири компаниялар келет. Кыргызстанды презентациялап, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтөбүз.
– Кыскача айтканда, инвесторлор үчүн негизги максат кандай?
– Биз инвесторлор үчүн ачык, түшүнүктүү, ишенимдүү шарт түзүүгө аракет кылып жатабыз. Бардык багыттарда тоскоолдуктарды азайтып, инвестициянын көлөмүн көбөйтүү зарыл. 2025-жыл жемиштүү болду, 2026-жыл мындан да жакшы болот деген ишенимдебиз.
Чынайым Кутманалиева