Равшанбек Сабиров NWT Group менен жолугушту

9-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 10

8-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров эл аралык өнөр жай холдинги NWT Group компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика жана өнөр жай инфраструктурасы тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Компания өкүлдөрүнө Кыргызстандын инвестициялык климаты, бизнес жүргүзүүнүн учурдагы шарттары жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруудагы артыкчылыктуу багыттар тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги, заманбап теплица комплекстерин куруу, ошондой эле туруктуу энергетикалык инфраструктуранын маанилүү бөлүгү катары биогаз станцияларын өнүктүрүү маселелери каралды.

Тараптар ошондой эле компаниянын эл аралык тажрыйбасын, анын ичинде Европа өлкөлөрүндө ишке ашырылган долбоорлорун жана чет өлкөлүк рыноктордогу ишмердүүлүгүн талкуулашты.

Равшанбек Сабиров эл аралык өнөр жай компаниялары менен кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү багыт экенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан үчүн энергетикалык жана өнөр жай инфраструктурасын модернизациялоого инвестицияларды тартуу, ачыктыкты камсыз кылуу, инвесторлордун укуктарын коргоо жана туруктуу өнүгүүгө жетишүү артыкчылыктуу болуп саналат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, өз ара аракеттенүүнү улантуу жана келечектүү инвестициялык демилгелер боюнча маалымат алмашуу боюнча макулдашышты.

9-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 10
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X