Референдум жөнүндө конституциялык мыйзам экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды

28-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 116

Жогорку Кеңеш 28-майдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — Кыргыз Республикасынын Президенти.

Жыйында баяндама жасаган Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Гульнара Акимбаева белгилегендей, мыйзам долбоору колдонуудагы референдум тууралуу мыйзамды 2021-жылдын 11-апрелинде жалпы элдик добуш берүү аркылуу кабыл алынган жана 5-майда Президент кол койгон Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келтирүүгө багытталган.

Мындан тышкары, жыйында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасында милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Документти Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Жаныбек Абиров тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасын өркүндөтүүгө багытталган. Ошондой эле камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун жогорулатып, жарандардын социалдык корголушун күчөтүү максатын көздөйт.

Талкуунун жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору күн тартибинен алынды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X