Рейддин жыйынтыгы: Ала-Арчада мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюлду
Ала-Арча суу сактагычында балык уулоо эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоого шектелген жарандар кармалган.
Текшерүү учурунда алардан 122 даана балык жана жалпы узундугу 200 метрди түзгөн эки синтетикалык балык уулоочу тор алынган.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тиешелүү материалдар топтолуп, мыйзам чегинде чара көрүү үчүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.