"Эркин-Тоо"

Ректор Алпаслан Жейлан өз үйүндө студенттерге ооз ачырды

Үстүбүздѳгү жылдын 11-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан студенттерди үйүнө ооз ачарга чакырып коноктоду.

Студенттер ректордун меймандостугуна, аларга кѳрсѳткѳн аталык камкордугуна чын ыкластан ыраазы болушту. Студенттер ректор менен баарлашууда “Манас” университетинен ар дайым өзгөчө жылуулукту, сүйүүнү, бир туугандыкты жана орозо айында береке тартуулаган биримдикти сезип жаткандарын  айтышты.

Студенттер ата-энелерине видео чалуу кылышып, ректор менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ректор ата-энелер менен сүйлөшүүсүндө “Манас” университетинин эшиги алар үчүн ар дайым ачык экенин айтты. Ата-энелер университеттин ректоруна түзүлгѳн жакшы шарттар жана балдарына жакындан кам көргөнү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Ооз ачарда ректор Алпаслан Жейлан ынтымак жана биримдик алып келген куттуу Орозо айы – руханий тазаланууга, жакшылык жасоого умтулуу экенин белгилеп: “Түрк маданиятында үйүндө конок тосуу абдан маанилүү салт, түрк эли меймандостугу менен бүткүл дүйнөгө таанылды. Биз муну “Манас” үй-бүлөсү катары орозо айында биздин жүрөгүбүзгө жакын болгон студенттерге көргөзүп жатабыз, алардын биринчиси салтка айланып бараткан ачык асман алдында ооз ачуу жѳрѳлгѳсү болду, — деди. Ректор Алпаслан Жейлан түрк дүйнөсүнүн жаштары абдан чоң жана күчтүү үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин эске салып,  түрк дүйнѳсү үчүн бир бололу, жигердүү бололу деп студенттерине насаатын айтты.

Айзат ТАЛАСБАЕВА

                                                           Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!