Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланышты

30-март, 2026-ж. / Редакция / Билим 109

Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 30-мартта мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында I, II, III орундарды ээлеген окуучулар сыйланышты.

Сыйлыктарды Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева тапшырды.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында окуучуларды даярдаган мугалимдер да сыйланышты. Республикалык олимпиадада I, II жана III орундарды камсыздаган окуучулардын мугалимдерине министрликтин ыраазычылык каттары тапшырылды.

Белгилей кетсек, республикалык олимпиада жыл сайын аймактык, райондук, облустук жана республикалык баскычтарда өткөрүлөт жана анда ар кайсы предмет боюнча мыкты окуучулар аныкталат.

30-март, 2026-ж. / Редакция / Билим 109
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X