Риза менен Гүлсанат кыргыз рухун дүйнөгө таанытууда
Кытай Эл Республикасынан атчан сапар менен келген этникалык кыргыз кыздар Риза Дүйшөн кызы жана Гүлсанат Али кызы бүгүн Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине барышты.

Меймандарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана маданият тармагынын өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз элинин тарыхый байланышы, улуттук баалуулуктары жана дүйнө жүзүндөгү кыргыздардын руханий биримдиги тууралуу сөз болду. Ошондой эле кыздардын атчан сапары кыргыз элинин маданий мурасын жана көөнөрбөс салтын даңазалаган символикалык демилге катары бааланды.

Маалыматка ылайык, Риза Дүйшөн кызы менен Гүлсанат Али кызы Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунан атчан жолго чыгышкан. Алар Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустары аркылуу өтүп, Бишкек шаарына келишти.
Белгиленгендей, бул сапар тарыхый тамырларды бекемдөөгө, улуттук маданиятты жайылтууга жана дүйнө жүзүндөгү кыргыздардын руханий байланышын чыңдоого багытталган.