Риза менен Гүлсанаттын сапары Сары-Өзөн Чүйгө жетти
Кытайдан ат менен Кыргызстанды көздөй сапар алган кыргыз кыздары Риза менен Гүлсанат Чүй облусуна келишти. Сыйлуу меймандарды Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Чоң-Кемин өрөөнүнөн тосуп алышты.
Коноктордун урматына атайын маданий иш-чара уюштурулуп, Улуу Үркүндүн курмандыктарына арналган эстеликке гүл коюу аземи өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин тарыхы, ата-бабалардын мурасы жана мекенге болгон сүйүү тууралуу сөз болду.
Чүй облусунун башчысы Элкинбек Аширбаев бүгүнкү күн тарыхый мааниге ээ экенин белгилеп, меймандарды Сары-Өзөн Чүй жергесинен тосуп алып жатканына кубанычта экенин билдирди.
Өз кезегинде Риза менен Гүлсанат тарыхый мекенине болгон сапар алардын өмүрүндөгү эң унутулгус көз ирмемдердин бири болуп каларын айтышты. Ошондой эле алар жаштарды өз тарыхын унутпай, улуттук баалуулуктарды жүрөгүндө ыйык сактоого чакырышты.