«Ромео жана Жульетта» спектакли куурчак театрында тартууланат
«Бул дүйнөдө Ромео менен Жульеттанын кайгылуу сүйүүсүнөн өткөн баян жок…» — Уильям Шекспирдин өлбөс саптары эми сахнада жаңыча өңүттө жанданат.
М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры көрүүчүлөргө дүйнөлүк классиканын улуу чыгармасы — «Ромео жана Жульетта» спектаклин тартуулайт.
Спектаклде кылымдар бою уланган касташуунун курмандыгы болбой, тагдырдын катаал сыноолоруна каршы чыккан эки жаштын махабаты адамдык бийик сапаттардын жана кечиримдүүлүктүн өчпөс гимни катары чагылдырылат.
Сахнада касташкан эки тараптын кагылышуусу менен бирге башкы каармандардын ортосундагы аруу сезимдер кыргыз жана орус тилдеринин айкалышы аркылуу берилет. Бул ыкма адамдык сезимдердин чек ара жана тил тандабаган тереңдигин ачып көрсөтөт.
Спектаклдин чыгармачылык курамы:
- Режиссёр-коюучу: Нурлан Асанбеков
- Сүрөтчү: Юлдаш Нурматов
- Куурчактар: Мариям Аблакова
- Композитор: Александр Юртаев
- Хореограф: Евгения Кыдышева
- Режиссёр-мугалим: Кенже Сатыбалдиева