Росгвардиянын башчысы Кыргызстандагы Ички аскерлердин иши менен таанышты
Россиянын Улуттук гвардия аскерлеринин башкы командачысы, армиянын генералы Виктор Золотов баштаган делегация Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында ИИМдин Ички аскерлеринин №7702 аскер бөлүгүнө барды.
Россиялык делегацияны Кыргызстандын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков кабыл алып, аскер бөлүгүндөгү кызмат өтөөнүн уюштурулушу, кызматтык-согуштук ишмердүүлүктүн негизги багыттары жана аскер кызматчыларын даярдоо системасы тууралуу маалымат берди.
Сапардын жүрүшүндө конокторго кыргызстандык аскер кызматчылары колдонгон курал-жарактардын, атайын техникалардын жана жабдуулардын үлгүлөрү көрсөтүлдү. Ошондой эле аскер кызматын өтөө шарттары жана өздүк курамды даярдоо процесси менен таанышты.
Тараптар кызмат өтөөнү уюштуруу, аскер кызматчыларынын кесиптик даярдыгын жогорулатуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тажрыйба алмашты.
Жолугушууда эки ведомствонун жетекчилери өздүк курамды даярдоодогу ыкмаларды жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча практикалык тажрыйбаны талкуулашты.
Иш сапар Кыргызстан менен Россиянын күч түзүмдөрүнүн ортосундагы кесиптик кызматташтыкты улантууга жана аскер кызматчыларын даярдоо багытында тажрыйба алмашууга багытталды.