Россия 500гө жакын аскери каза болгонун ырастады
Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 россиялык жоокер каза болуп, 1597си жаракат алганын 2 ырастады.
Ушул маалымат менен бирге министрлик Украинанын 2 870 жараны каза болуп, 1 533 аскердик объектилердин талкаланганын маалымдады.
Ал эми Украинанын Коргоо министрлигинин кечээ, 2-мартка карата берген маалыматы боюнча орус армиясынын жоготуулары 5840 аскерге жеткен.