Россияда Кыргызстандын жасалма документтерин пайдаланууга бөгөт коюу иштери жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү Россиянын укук коргоо органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө Кыргызстан жаранынын жасалма документтерин колдонуу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга көмөктөшүүдө.

2021-жылдын 5 айында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин
Өкүлчүлүгү Москва шаарынын полиция кызматкерлери менен биргеликте Россия Федерациясынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын жасалма документтерин колдонуунун 113 фактысы аныкташкан. Ошол эле учурда, бул аныкталган жасалма документтердин бардыгы чет өлкөлөрдө даярдалганы белгилүү болду. Россиянын аймагында иштөө максатында Кыргызстандын жаранынын жасалма паспорт жана айдоочулук күбөлүктөрдү Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандары колдонулган учурлар
арбын кездеше баштады.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, жасалма пластикалык айдоочулук күбөлүктөрдү жана паспортторду ID-карт түрүндөгү (2004-жылдын үлгүсү) колдонгондугу биздин жарандар тарабынан — 57 факт (паспорт — 28, айдоочулук күбөлүк — 29), ал эми Борбордук Азиянын жарандары тарабынан — 56 факт (паспорт — 52, айдоочулук күбөлүк — 4) аныкталган.

Жогоруда келтирилген баардык фактылар боюнча Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн соттук-медициналык борборлору тарабынан тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, ага ылайык алынган документтер мамлекеттик стандарттарга туура келбей, түстүү сыя менен басып чыгаруу жолу менен жана өздүк маалыматтарды өзгөртүшүп жазашкан. Кыргыз Республикасынын жарандары көбүнчө айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтүн өзгөртүү менен жасалма айдоочулук күбөлүктөрдү
колдонушат. Орто Азиянын жарандары жөнүндө айта турган болсок, алар негизинен Россия Федерациясында иш жүргүзүү максатында жасалма документтерди — (фотосүрөттөрү чапталган) пластик айдоочулук күбөлүктөрдү жана ID-карт паспортун (2004-жылдын үлгүсү) колдонушат. Кийинчиреек текшерүү учурунда белгилүү болгондой айтылган ПИН-номерлери жана паспорттун сериялары Кыргыз Республикасынын башка жаранына таандык экени аныкталып калат, деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X