Россия: Мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда тестти жеңилдетүү сунушталды

26-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 825

ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиев Россияга болгон иш сапары учурунда мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда башка тилдик чөйрөдөн келген балдардын өзгөчөлүктөрү эске алынышы керектигин айтты.

Ал жетектеген парламенттик делегация Москва шаарындагы В.Ф. Орлов атындагы «Марьина Роща» мектебинде болду. Бул жерде эмгек мигранттарынын балдарын мектепке кабыл алуу үчүн өткөрүлчү тестирлөөнүн тартиби тууралуу маалымат берилди.

Талкуу учурунда депутаттар тест тапшырмаларынын татаалдыгына көңүл буруп, аларды жөнөкөйлөтүү сунушун айтышты. Делегация мүчөлөрү тесттин мазмунун баалоо үчүн өздөрү да катышып көрүштү.

«Тестирлөөнүн шарттары түшүнүктүү, адилеттүү болуп, башка тилдик чөйрөдөн келген балдардын өзгөчөлүктөрү эске алынышы кажет», — деди Марлен Маматалиев.

Ал эми Батма Топоева-Ставинская: «Биз билим деңгээлин баалоонун зарылдыгын түшүнөбүз. Бирок мындай процедуралар билим алууга тоскоол болбошу керек», — деп белгиледи.

Сапардын алкагында делегация ВДНХ аймагында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту.

26-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 825
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X