Россияда 11 кыргызстандыкка 1,8 млн рублден ашык айлык акы кайтарылды

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 92

Россияда эмгектенген 11 кыргызстандыктын 1 млн 872 миң рубль өлчөмүндөгү айлык акы карызы өндүрүлүп берилди.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы Өкүлчүлүгүнө «РБК Стройинвест» ЖЧК курулуш компаниясы айлык акысын төлөбөй жатканын билдирген 11 жарандын коллективдүү кайрылуусу түшкөн.

Өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында компаниянын карызы толугу менен жабылып, каражаттар жабыркаган кызматкерлерге которулду.

Министрлик Россияда иштеп жүргөн кыргызстандыктарга эмгек укуктары бузулган учурда Өкүлчүлүккө акысыз укуктук жардам алуу үчүн кайрылса болорун эскертти.

Өкүлчүлүктүн дареги: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 7-үй, 5-бөлүк.

Ишеним телефондору: +7 (495) 197-76-71, +7 (925) 030-26-27.

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 92
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X