"Эркин-Тоо"

Россияда -63 градуска чейинки суук күтүлүүдө

Жакынкы күндөрү Россия Федерациясынын Якутия Республикасында абанын температурасы -63, Иркутск облусунда -58, Красноярск крайында -55 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Аномалдуу суук Оренбург, Пенза жана Саратов облустарында да күтүлөт. Бул тууралуу Россиянын гидрометеорология борборунун өкүлү Роман Вильфанд билдирди.

Тактап айтканда, 14-январга чейин Оренбург менен Пенза облустарында —26…-30, Саратовдо -22 градус суук күтүлөт.

«Якутияда аномалдуу суук 5 күн сакталат», — дейт Вильфанд.

Өткөн жуманын соңунда Россиянын көпчүлүк аймагында аномалдуу суук башталган. Мисалы, Тольятти шаарында -28,5 градус суук катталган, бул — 1970-жылдардан берки катуу суук.

Россиялык синоптиктер аномалдуу суук жакын арада өтөрүн белгилешти.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!