Россияда импорттук пивого суроо-талап көбөйдү

6-май, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 11

Россиялык дүкөндөрдө импорттук пиво сатуу акыркы жылда 30%дан ашыкка өстү деп айтылат NielsenIQ компаниясынын чекене сооданы аудиттик изилдөөсүндө. 2020-жылы Россияга пиво экспорттоо боюнча Германия менен Мексика лидер болушту.

Азыр Россияда импорттук пивонун орточо баасы литрине 181 рублди, лицензиялык пивонуку – 111 рублди, ал эми россиялык пивонуку – 87 рублди түзүүдө.

6-май, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 11
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X