Россияда каза болгон кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө 2,2 млн рубль төлөндү
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Кыргызстандын жараны Х.А.нын үй-бүлөсүнө багуучусунан ажырагандыгына байланыштуу камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга көмөк көрсөттү.
Маалыматка ылайык, Өкүлчүлүк тарабынан Россиянын Социалдык фондунун Москва шаары жана Москва облусу боюнча бөлүмүнө расмий кайрылуулар жөнөтүлүп, тиешелүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
Анын жыйынтыгында, 2026-жылдын 10-июнунда жаранга 2 миллион 200 миң рубль өлчөмүндө бир жолку камсыздандыруу төлөмү берилди.
Мындан тышкары, каза болгон жарандын үч жашы жете элек баласына бойго жеткенге чейин ай сайын төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмү дайындалганы белгилүү болду.