Россияда коронавируска каршы эмдөө эмне себептен натыйжа берген жок?
Расмий маалыматка таянсак, Россиянын аймагында 56 миллион адам вакцинанын биринчи компонентин алып жетишти. Бул улуу курактагы жарандардын жарымы эмдөөдөн өттү дегенди билдирет. Бирок, буга карабастан акыркы айларда коронавирус илдетин илештирип алгандардын жана вирустан каза болгондордун саны кескин өскөн. Акыркы бир суткада илдет 40 миң адамдан аныкталса, 1200 адам каза болгон. Коронавируска каршы эмдөө эмне себептен жыйынтыгын берген жок деген суроого Саламаттыкты сактоо министрлиги төмөнкүдөй жооп берген.
“Гамалеи атындагы Институттун адистери жаңы технологиянын негизинде жарандардын жалган сертификаттарын аныктап чыгышты. Анын негизинде өлкөдө эмдөөдөн өтпөй туруп, «фейк тастыктама» колдонгондордун саны арбын экендиги аныкталды. Демек, Россиянын аймагында эмделгендердин жалпы саны жамааттык иммунитеттин пайда болушун камсыздаган эмес”, — деп жазылат маалыматта.
Ал эми өлкөнүн Коргоо министрлиги эпидемиологиялык абалы курч болгон аймактарга медиктерди ташуу иштерин кайрадан жандандырды. Учурда Санкт-Петербург шаарында 220 дарыгер топтолуп, аларды аймактарга бөлүштүрүү иштери башталды.