Россияда мекендештерден ири суммада акча опузалаган кыргызтандыктар кармалды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өзүнүн ыйгарымынын чегинде Кыргыз Республикасынын жарандарынан опузалап акча талап кылган жана зомбулук менен коштолгон аракеттерди жасаган уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча комплекстүү чараларды көрүүдө, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тургундарынан түзүлгөн уюшкан кылмыштуу топ Москванын аймактык полициясынын бөлүмдөрү тарабынан кармалган. 2021-жылдын 5-апрелинде Москва шаарында кыргыз улутундагы 8-9 белгисиз жарандар күч колдонуп, Кыргызстандын жаранын «УАЗ» үлгүсүндөгү автоунаага салып, токой тарапка алып барышкан. Кылмышкерлер аны курал менен коркутуп, ири суммадагы акча каражатын (миллион рубль) талап кылышкан. Окуяга четтен күбө болгон башка жаран ыкчам түрдө укук коргоо органдарына кабарлаган. Кылмыш болгон жерге полиция кызматкерлери келип, опузалаган 4 адамды кармап үлгүрүшкөн. Кылмышкерлерден ок атуучу курал- “ИЖ-71” үлгүсүндөгү тапанча, ок-даарылар, бычак, арматура, дубинкалар табылган. Окуя болгон жерден Жалал-Абад облусунун 1998-жылы туулган А.А., Ноокен районунун 1995-жылы туулган А.С. (ал ММА боюнча белгилүү болгон спорттук клубдардын биринде машыгып жүргөн спортчу), Чүй облусунун Сокулук районунун 1996-жылы туулган Т. уулу А. жана Базар-Коргон районунун 1997-жылы туулган А. уулу Н. аттуу жарандар кармалышкан.
Жогорудагы факты боюнча Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин аймактык бөлүмү Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүмү (Киши уурдоо) жана 163-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш ишин козгогон. Июнь айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен укук коргоо органдары тарабынан жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар, изин жашырып жүргөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1998-жылы туулган А.Э. кармалып, дагы бирөө издөөгө алынган. Учурда бул факты боюнча айыпталуучуларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана калган шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.