Россияда жумуртка арзандай баштады
Соода түйүндөрү Пасханын алдында зарыл запастарды камдап алгандыктан, Россияда жумуртканын дүң баасы арзандай баштады деп билдирди “Известия” басылмасы. Росптицесоюз бирикмесинин жана Өнөр жай жана соода министрлигинин маалыматтары боюнча бул азыктын баасы 5-10%га ылдыйлады. Росстаттын акыркы маалыматы боюнча өлкөдө он жумуртканын баасы январда – 75,38 рублди, февралда – 77,13 рублди, мартта – 81,33 рублди түзгөн.
Кошумчаласак, быйыл РФнын Айыл чарба министрлиги канаттуулар фабрикалары үчүн жеңилдетилген кредиттердин өлчөмүн 1ден 1,5 млрд рублга чейин көбөйттү.