Россияга Кыргызстандан барган айран-сүт азыктары киргизилген жок
Россияга Кыргызстандан ташылып барган 1,8 тонна айран-сүт азыктары киргизилген жок.
Бул тууралуу Россиянын Оренбург облусунун Айыл чарба көзөмөл башкармалыгы билдирди. Россиянын аймагына 1,8 тонна кымыз, таң, курут сыяктуу азыктар ветеринардык талаптарга ылайык документери жок болгондуктан киргизилген эмес,-делет маалыматта. Азыктар Айыл чарба көзөмөл башкармалыгы тарабынан жок кылынган.