Россияга мыйзамсыз барган мигранттардын ал жакта жүрүү мөөнөтүн узартуу жана жашаган жеринде каттоого алуу чечими кабыл алынат. Бул тууралуу РФтин Ички иштер министрлигинин чет элдик жарандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө кайрылуусунда айтылды.
Россия президентинин 18-апрелиндеги жарлыгына ылайык, мигранттар өлкө аймагына келүү мыйзамын бузган учурда аларга санкцияларды колдонбостон, укуктук абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү берилет», — деп айтылат кайрылууда.
Россиянын аймагында мыйзамсыз баргандар ээн-эркин жүрүп, жашай турчу жерди тандай алары белгиленди. Бул өлкөнүн айрым экономикалык тармактарында жумушчу күчтүн жетишсиздиги менен байланыштуу . Ошого карап чет элдик жарандарды курулуш, турак жай-коммуналдык чарба жана айыл чарбасында иштөөгө мыйзамдуу түрдө тартуу аракети болуп жатканы айтылат.
Жалпылап айтканда Россияда мыйзамсыз жүргөндөр жашаган жери боюнча укук коргоо органдарына кайрылышы керек. Алар мигрантка жана үй-бүлөсүнө тиешелүү документтерин бүтүргөнгө жардам беришет.
Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.