Россиялык армиядагы негизги кайра түзүүлөр аяктады

16-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 17

Россиянын Куралдуу күчтөрү дүйнөнүн эң алдыңкы армияларына коюлуучу бардык талаптарга жооп берет деп билдирди коргоо министри Сергей Шойгу.

“Российская газетага” берген маегинде министр РФнын кургактагы аскерлери 2012-жылдан бери 15,5 миңден ашык куралдар менен техникалардын заманбап үлгүлөрүн, аскер-деңиз флоту – 190дон ашык кораблдерди, катерлер менен кемелерди алды деп айтты. Ал эми Аба-космостук күчтөр жана флоттук авиация 1,5 миңден ашык учуучу аппараттарды алды.

“Россиялык армия азыр заманбап, мобилдүү, күжүрмөн жана согушка жөндөмдүү”, — деп баса белгилеген Шойгу.

16-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 17
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X