"Эркин-Тоо"

Россиянын аймагында жасалма документ колдонгондор кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Россиянын аймагында жасалма документ колдонгондорго кылмыш жоопкерчилиги каралганын Ички иштер министрлиги эскертет.
Маалыматка караганда, акыркы мезгилде Россияда эмгектенип жүргөн мекендештердин арасында жасалма ID-карта жана айдоочулук күбөлүктөрдү колдонгондугу үчүн кармалгандар көбөйүүдө.
«Жоготуп алган, мөөнөтү бүткөн же башка себептер менен документтери жок жүргөн мигранттар аны мыйзамдуу жол менен албастан, жасалма бүтүрүп жатышат. Бул үчүн Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин негизинде жоопко тартуу каралды. Андыктан, документтер жоголсо полицияга арыз менен кайрылып, андан кийин өлкөнүн консулдук бөлүмдөрүнө барып мыйзамдуу жол менен алыңыздар», — деп айтылат маалыматта.
ИИМ жасалма документтерди сунуштагандар тууралуу Россиядагы өкүлчүлүккө кабарлоону өтүнөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!