Россиянын Федералдык байланыш агенттиги Apple компаниясына $12 млн айып салды
Россиянын Федералдык байланыш агенттиги (ФАС) антимонополиялык мыйзамды бузгандыгы үчүн Apple Inc. компаниясына$12 млн айып салды. Мекеменин версиясы боюнча америкалык компания рыноктогу үстөмдүк абалын кыянаттык менен пайдаланган. Бирок, Apple бул айып боюнча сотко кайрылууга ниеттенүүдө. Appleнин аракеттерине “Касперский лабораториясынын” кайрылуусу боюнча ФАСтын иликтөөлөрү 2019-жылы март айында башталган.