Роза Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү
Бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаарындагы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында көрүнүктүү агартуучу, педагог жана коомдук ишмер Роза Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ал 2026-жылдын 26-октябрында 89 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Роза Айтматова 1937-жылдын 8-мартында Москва шаарында төрөлгөн. Өмүрүн илимий-педагогикалык ишке, билим берүүнү өнүктүрүүгө жана коомдук иштерге арнаган. Кыргызстандагы аялдар кыймылынын өнүгүшүнө, аялдардын укуктарын коргоого жана гендердик теңчиликти камсыз кылууга олуттуу салым кошкон.
Ал «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамынын ээси. 2016-жылы «Тарыхтын ак барактары» аттуу китеби үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкка татыган.
Дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кичүү карындашы Роза Айтматова Айтматовдордун үй-бүлөсүнүн тарыхын жана мурасын сактоого чоң салым кошкон.
Анын жаркын элеси, агартуу тармагындагы эмгеги жана коомдук ишмердүүлүгү кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана санаалаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.