Роза Айылчиева: Экспортту өнүктүрүп, тобокелдиктерди камсыздандырабыз!

Чет өлкөгө товар экспорттоо чоң мүмкүнчүлүк гана эмес, жоопкерчилик дагы. Ар бир экспорттук келишим жаңы рынокко жол ачканы менен, өзүнө жараша тобокелдиктерди да камтыйт. Чет өлкөлүк өнөктөш төлөбөй койсочу? Өлкөдөгү саясий кырдаал өзгөрсө эмне болот? Дал ушундай жагдайларда экспорттук камсыздандыруу ишкердин ишенимдүү өнөктөшүнө айланат. Бул механизм ишкердин кызыкчылыгын коргоп гана тим болбостон, Кыргызстандын экспорттук потенциалын күчөтүүгө жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн дүйнөлүк рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга кызмат кылат. Мына ушул экспорттук камсыздандыруу боюнча Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунун Тышкы экономикалык иш-аракет жана финансылык тобокелдиктерди камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы Роза Айылчиева менен маек курдук.

— Роза Сайырбековна, алгач экспорттук камсыздандыруу боюнча кеңири түшүнүк берип кетсеңиз?
— Экспорттук камсыздандыруу бул чет өлкөгө товар же кызмат экспорттогон компанияларды финансылык жоготуулардан коргоочу заманбап механизм.

Эл аралык соодада ар кандай күтүлбөгөн жагдайлар жаралышы мүмкүн. Мисалы, чет өлкөлүк сатып алуучу финансылык каатчылыкка кабылып, товар үчүн төлөй албай калышы мүмкүн. Айрым учурларда саясий өзгөрүүлөр, валюталык чектөөлөр же башка тышкы факторлор дагы келишимдин аткарылышына тоскоол болот.

Мындай кырдаалдарда экспорттук камсыздандыруу ишкердин чыгымын азайтып, камсыздандыруу келишиминде каралган шарттарга ылайык компенсация алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул экспорттоочуларга жаңы рынокторго ишенимдүү чыгууга жана бизнесин кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
— Бул система кандай иштейт?
— Экспорттоочу компания камсыздандыруучу тарапка экспорттук келишим боюнча маалыматтарды сунуштайт. Анда чет өлкөлүк сатып алуучу, жеткириле турган товар же кызмат, төлөм шарттары жана бүтүмдүн башка өзгөчөлүктөрү көрсөтүлөт. Адистер бул маалыматтарды талдап, келишим боюнча тобокелдиктерге баа беришет. Эгер бардык талаптар аткарылса, камсыздандыруу келишими түзүлөт. Эгер кийин сатып алуучу камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн себептерден улам төлөмдү жүргүзбөй калса, экспорттоочу белгиленген тартипте камсыздандыруу төлөмүн алат.

— Кыргызстанда экспорттук камсыздандыруу кандай өнүгүүдө?
— Кыргызстанда экспорттук камсыздандыруу системасы экспорттук-кредиттик агенттик аркылуу өнүгүп жатат. Анын негизги максаты ата мекендик экспорттоочуларды колдоо, жаңы рынокторго чыгууда жаралган тобокелдиктерди азайтуу жана экспорттук операциялардын коопсуздугун камсыз кылуу. Өзгөчө жаңы өлкөлөргө экспорт жүргүзүүдө алдын ала баалоого кыйын болгон тобокелдиктерге туш болот. Мындай учурда экспорттук-кредиттик агенттик ишкерлерге кошумча коргоо механизмин сунуштайт.
Бул система экспортту өнүктүрүүгө гана эмес, ата мекендик ишканалардын эл аралык рыноктогу ишенимин арттырууга дагы багытталган.

— Кандай тобокелдиктерден коргойт?
— Экспорттук камсыздандыруу биринчи кезекте төлөмдүн алынбай калуу тобокелдигин азайтат. Анын ичинде чет өлкөлүк сатып алуучунун төлөөгө жөндөмсүз болуп калышы, келишимдик милдеттенмелерден баш тартуусу жана төлөмдөрдүн кечиктирилиши сыяктуу жагдайлар камтылат.
Мындан сырткары саясий жана тышкы соода тобокелдиктери дагы камсыздандыруу коргоосуна кирет. Аларга мыйзамдардын өзгөрүшү, валюталык чектөөлөр, саясий туруксуздук жана эл аралык эсептешүүлөргө тоскоол болгон башка жагдайлар кирет.

Мындай коргоо ишкерлерге белгисиздикти азайтып, жаңы өнөктөштөр менен ишенимдүү кызматташууга мүмкүнчүлүк берет.

— Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы менен кызматташуу кандай өзгөрүүлөрдү берет?
— БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) колдоосу менен экспорттук камсыздандыруу системасын өркүндөтүү боюнча бир катар маанилүү иштер аткарылды. Эл аралык эксперттердин катышуусу менен дүйнөлүк тажрыйба изилденип, тобокелдиктерди баалоонун заманбап ыкмалары иштелип чыкты. Ар бир экспорттук келишим өзүнчө бааланып, сатып алуучу өлкө, төлөм мөөнөтү, жеткирүү шарттары жана башка көрсөткүчтөр эске алынган жаңы дифференциация коэффициенттери иштелди.

Ошондой эле эл аралык талаптарга ылайык жаңы камсыздандыруу тарифтери даярдалып, система мурдагыдан да ийкемдүү жана бизнес үчүн ыңгайлуу болуп калды. Бул жаңылануулар кыргызстандык ишкерлерге дүйнөлүк рынокко ишенимдүү чыгууга жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

— Өлкө экономикасына кандай пайда алып келет?
— Экспорттук камсыздандыруунун өнүгүшү Кыргызстандын экономикасы үчүн узак мөөнөттүү
стратегиялык мааниге ээ. Ал экспорттун өсүшүнө, өндүрүштүн кеңейишине, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана чакан, орто бизнестин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Ошондой эле даяр продукциянын экспортун көбөйтүүгө шарт түзүп, ата мекендик өндүрүштүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтөт. Экспорттун көлөмүнүн өсүшү өлкөгө чет өлкөлүк валютанын көбүрөөк келишин камсыздап, экономиканын туруктуулугун бекемдөөгө жардам берет. Мындан тышкары, экспорттук камсыздандыруу Кыргызстанды эл аралык өнөктөштөр үчүн ишенимдүү өлкө катары таанытып, инвестиция тартууга жана дүйнөлүк соода системасына активдүү интеграцияланууга өбөлгө түзөт.

Экспорттук камсыздандыруу бул жөн гана камсыздандыруу кызматы эмес. Ал кыргызстандык ишкерлерге дүйнөлүк рынокко ишенимдүү кадам таштоого мүмкүнчүлүк берген, экспортту өнүктүргөн жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө кызмат кылган стратегиялык инструмент. Бүгүнкү күндө мындай механизмдин өнүгүшү Кыргызстандын экспорттук потенциалын бекемдөөнүн жана ата мекендик өндүрүштү жаңы деңгээлге чыгаруунун маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X