Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо маданий борборунда 21-май күнү Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы Маданият күндөрүнүн жабылуу аземи салтанаттуу түрдө өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев жана Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Назирмад Ализода катышты.
Жабылуу аземинин алкагында кыргыз жана тажик өнөрпоздору концерттик программа тартуулап, эки элдин достугун, маданий байланышын жана руханий жакындыгын даңазалаган чыгармаларды аткарышты. Кечеде улуттук музыка, бий жана сахналык номерлер көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартуулады.
Салтанаттын жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосундагы маданий кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнүн мааниси белгиленип, мындай маданий иш-чаралар элдердин достугун чыңдоого жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзөрү айтылды.
Белгилей кетсек, Тажикстан Республикасынын Маданият күндөрү Кыргызстанда бир нече күнгө созулуп, анын алкагында концерттер, көргөзмөлөр, кино көрсөтүүлөр жана башка маданий иш-чаралар уюштурулду.