Румынияда Граф Дракуланын Бран деп аталган сепилинде COVID-19га каршы эмдөө пункту ачылды. Аталган пунктта эмдөөлөр бекер жүргүзүлөт. Бул тууралуу маданий объекттин Facebook баракчасында жазылды. Белгилүү болгондой, эмдөө май айынын ар жума, ишемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлүп турмакчы. Келгендер Pfizer жана BioNTech вакциналары менен эмделишет.
Вакцина алгандарга “Дракуланын сепилинде эмделди”- деген атайы сертификат тапшырылып, жарандарга орто кылымдагы куралдардын көргөзмөсүнө бекер кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Расмий маалыматка ылайык, Румынияда 3,6 миллион адам Pfizer, Moderna, Astra Zeneca жана Jonson&Jonson компанияларынын вакциналары менен эмделип жатышат. Өлкө өкмөтү күзгө чейин 10 миллион жаранга вакцина куюуну пландоодо. Джонс Хопкинс Университетинин маалыматына ылайык, пандемиянын башынан бери Румынияда 1 миллион адамга коронавирус илдети жугуп, 28,9 миң адам көз жумган.