Русланбек Жакышов онлайн жыйында шайлоо процессин жакшыртуу багыттарын белгиледи

15-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 196

Бүгүн, 15-июнда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов атайын өкүлдөрдүн катышуусунда онлайн форматта жумушчу жыйын өткөрдү.

Жыйында атайын өкүлдөрдүн учурдагы ишмердүүлүгү жана негизги багыттары талкууланып, аймактардагы актуалдуу маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара кызматташууну күчөтүү, шайлоочулардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу жана шайлоо процессине болгон ишенимди бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Русланбек Жакышов атайын өкүлдөрдүн ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, аймактарда жүргүзүлүп жаткан маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин сапатын жогорулатуу, жарандардын кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана шайлоо мыйзамдарын түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

15-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 196
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X