Русланбек Жакышов системалык администраторлор менен шайлоого даярдык маселелерин талкуулады

26-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 177

2026-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлору менен онлайн форматта жумушчу жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессин маалыматтык-техникалык жактан камсыздоо, маалыматтык системалардын үзгүлтүксүз жана туруктуу иштешин камсыз кылуу, маалыматтык коопсуздук талаптарын сактоо, ошондой эле алдыдагы шайлоо кампаниясына даярдык көрүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Русланбек Жакышов системалык администраторлордун шайлоо процессин уюштуруудагы жоопкерчиликтүү ролун белгилеп, техникалык инфраструктуранын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, келип чыккан техникалык көйгөйлөргө ыкчам чара көрүү жана белгиленген талаптарды так сактоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле жыйындын алкагында шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык системалардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, маалыматтык коопсуздукту бекемдөө жана аймактык шайлоо комиссияларынын техникалык даярдыгын күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X